Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Долбоорлор

Өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүбүз менен тыгыз кызматташуу жана окурмандарыбыздын пикирлерин угуу аркылуу, экономикалык жана финансылык сабаттуулук стандарттарына таасирибизди жогорулатуу үчүн, EFI өзүнүн ишмердүүлүгүн тынымсыз өнүктүрүүдө.

"Жүйөлүү экономика"

Анткени ар бир адам экономиканын тилинде сүйлөшү керек

«Жүйөлүү экономика» алгачкы жолу 2005-жылы басылып чыккан жана учурдагы анын үчүнчү чыгарылышы. Экономист-илимпоздор Жеймс Гвартни, Ричард Строуп, Дуайт Ли, Тауни Феррарини, Жозеф Кэлхун тарабынан жазылган «Жүйөлүү экономика» китеби рыноктук экономиканын негиздери тууралуу терең маалымат берет. Анын максаты – окурмандарды экономикалык принциптерди туура түшүнүүгө негизделген, акылман жеке жана саясий тандоолорду жасоого багыттоо.

Аймактагы окурмандарыбызга актуалдуулугун камсыз кылуу максатында ылайыкташтырылган китеп англис, азербайжан, албан, армян, грузин, казак, кыргыз, орус, өзбек жана украин илдеринде жеткиликтүү. Аны онлайн окууга же акысыз жүктөп алууга болот.

Окууну баштоо

Экономика боюнча олимпиада

Келечек муундун экономикалык жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу

Экономика боюнча олимпиада - Чехиядагы Экономикалык билим берүү институту (INEV) тарабынан иштелип чыккан, жогорку класстын окуучулары үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү мелдеш. Өлкөнүн ичиндеги бир нече турдан соң, катышуучу өлкөлөрдүн биринде өткөрүлгөн эл аралык финал менен аяктайт. EFIнин өлкөдөгү өнөктөштөрү өз өлкөлөрүндөгү окуучулар үчүн мелдешти уюштуруп, өткөрүшөт

КӨБҮРӨӨК МААЛЫМАТ АЛУУ

Мультимедиалык китепканасы

Анткени ар бир киши күнүмдүк чечимдердин экономикасын түшүнүүсү абзел

EFIнин мультимедиалык китепканасы экономиканын негиздерине арналган кыска видеолордун жана макалалардын кенчи. Каталог тиешелүү уюмдардан акысыз алынган, бул бизге каражаттарыбызды субтитрлерге жана котормолорго салым жасоо, ошондой эле колдоочуларыбыздын контентин жаңы окурмандарга жеткирүү мүмкүнчүлүгүн берет.

КИТЕПКАНАБЫЗ

Мугалимдин колдонмосу

Жүйөлүү экономиканы класска киргизүү үчүн мугалимдерге керектүү нерселердин баары!

"Мугалимдин колдонмосу" мугалимдерге орто мектептин жогорку класстарында жана бакалавр даражасынын башталгыч деңгээлинде экономиканын негиздерин окутууга керектүү нерселердин баарын камсыздоого арналган. EFI фондунун «Жүйөлүү экономика» китебинин аймактык чыгарылышына негизделген колдонмодо слайддар, мугалимдер үчүн усулдар жана практикалык маселелер камтылган жана учурда Грузиянын алдыңкы мамлекеттик орто мектептеринин биринде 500дөн ашуун окуучуларды экономика менен тааныштыруу үчүн ийгиликтүү колдонулууда. Колдонмонун үлгүсү менен таанышуу жана аны которуп, өзүңүздүн өлкөңүздө жайылтуу пландары тууралуу маалымат алуу үчүн, өлкөңүздөгү өнөктөшүбүз менен байланышыңыз.

КӨБҮРӨӨК МААЛЫМАТ АЛУУ

Экономикалык отчеттуулук боюнча семинарлар

Журналисттердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу

EFI үйрөнчүк жана тажрыйбалуу журналисттерге кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү үчүн өлкөдөгү өнөктөштөрүн колдойт. Жергиликтүү жана эл аралык адистер катышкан экономикалык отчеттуулук боюнча семинарларыбыздын максаты экономикалык отчетторду кеңири аудиторияга жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылып жеткирүүнүн практикалык ыкмалары менен бөлүшүү болуп саналат. Биздин мүдөөбүз – бул иш-чаралар аркылуу кесиптештердин байланыш түйүнүнүн кеңейишине жана коомдук пикирге олуттуу таасир тийгизген бул кесипте насаатчылык мүмкүнчүлүктөрүнө шарт түзүү.

КӨБҮРӨӨК МААЛЫМАТ АЛУУ

Жаңылануулардан кабардар болуңуз

Биз тынымсыз жаңы натыйжалуу долбоорлордун үстүндө иштөөдөбүз