Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Купуялык саясаты

Купуялык саясаты

Биз өзүңүз тууралуу бөлүшкүңүз келбеген эч бир нерсени билүүнү каалабайбыз! Биздин бар тилегибиз ушул: Сиз «Жүйөлүү экономика» китебин өзүңүзгө жүктөп алсаңыз да, Сиз үчүн кылдаттык менен тандалып, которулган видео тасмалардын жана кошумча окуу материалдарынын чоң китепканасын колдонуп турсаңыз.

Кардардагы кукилер (Cookies) жана серепчилик маалымат топтому

Биз кукилерди колдонбойбуз. Ырас, Сиздин окурмандык таламыңыз үчүн мазмунубузду ийкемдештирип, интернет барагыбызды жакшыртууга көмөк кылчу "Fathom" серепчилик жабдуусун колдонобуз. Бул GDPR, CCPA, ePrivacy, PECR менен шайкеш келет жана сиздин IP'ңизди белгилүү бир кодго айландырчу жолду сунуштайт, бул ыкма конокту (демек, Сизди) аты-жөнү белгисиз бойдон аныктоого мүмкүндүк берет. Биз өлкөңүз, техно-жабдууңуздун түрү, браузер, сиз кирип жаткан интернет барак беттери, ошондой эле Сиз колдонгон тил жана интернет барагыбызга кантип киргендигиңиз жаатында маалыматтарды чогултабыз. Болгону ушул.

Өзүңүз жөнүндө берилчү маалыматыңыз

Эгерде жаңы видео тасмалар жана макалалар чыкканда, сизге кабарлообузду кааласаңыз, анда биздин маалымдама куржунубузга жазылыңыз (азырынча ал англисче гана кабарлайт). Ага жазылууну каалаган убакта токтотуп коё аласыз.

Кээ бир жеке маалыматтар белгилүү бир иш-чараларга, сынактарга же кечелерге катышуу үчүн талап кылынат, андыктан маалымат бербөө чечими буларга катышуу мүмкүнчүлүгүңүздү чектеши мүмкүн. Өтүнөөрүбүз, талап кылынгандан ашыкча жеке маалыматты ачыкка чыгарбаңыз.

Бирок эгер сиз бизге өзүңүз жөнүндө көбүрөөк баяндагыңыз келсе, биз сизди угууга куштарбыз! Биздин дарегибизди бул жерден таба аласыз.

Балдардын онлайн коопсуздугу

Econfun.org 13 жашка чыга элек жеткинчектер тууралуу жеке маалыматты атайылап чогултпайт же сактабайт. Эгер 13 жашка чыга элек бала бизге ушундай мүнөздөгү маалыматты бериптир деп ишенүүгө негизиңиз болсо, анда биз менен байланышыңыз. Биз андайды маалымат кампабыздан жок кылууга аракет кылабыз.