Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБлогТармакКитеп жөнүндө
Окууну баштоо
же акысыз өзүнө жүктөп алуу

Иш тобу

Биздин салым кошуучуларыбыз бул көзгө басар долбоорго экономика илими жана билим берүү боюнча көп жылдык тажрыйбасын бөлүшүүдө. Бардыгыбыз экономикалык билимди ар кимге жеткирүү мүдөөсүндө адистик билимибизди жана чыгармачылыгыбызды өз ара ширелткенибизге шаттанып жатабыз.

Экономика темасы жаатындагы адистер

Зохид Аскаров

Зохид Аскаров экономика боюнча PhD даражасын Австралиянын Мелбурн шаарындагы Дикин университетинен алган; ал - учурда Ташкенттеги эл аралык Вестминстер университетинин окутуучусу. Анын макалалары World Development, European Journal of Political Economy, Public Choice, Journal of Housing Economics сыяктуу журналдарга жарыяланган. Ал ЮНЕСКО, БУУӨП, Жапон эл аралык кызматташтык уюму, Сасакава тынчтык фонду, Дикин университети, Антверпен университети, Маастрихт башкаруу мектеби, Төмөнкү Саксония башкаруу академиясы жана Индонезиянын улуттук мамлекеттик башкаруу институту сыяктуу уюмдардын бир катар билим берүү жана изилдөө долбоорлоруна катышкан. Зохид - CERGE-EI фондунун окутуучулук стипендия ээси.

Гурген Асланян

Гурген Асланян экономика боюнча PhD даражасын Чехиядагы CERGE-EI'ден алган. Ал - Армениядагы Америка университетинин доценти, CERGE-EI фондунун окутуучулук стипендия ээси жана Урал федералдык университетинин экономика лабораториясынын улук илимий кызматкери. Ал жеке жана мамлекеттик сектордогу уюмдарда, анын ичинде Армениянын Борбордук банкында кеңешчи болуп эмгектенген жана изилдөөчү катары Пенсилвания университети жана Чехиянын Илимдер Академиясы менен кызматташкан. Ал өз изилдөөлөрүн эл аралык деңгээлде көрсөткөн жана жарыялаган, бир катар сыйлыктардын ээси жана учурда ал – Армениянын экономикалык бирикмесинин президенти.

Ольга Флысь

Ольга Флысь экономика боюнча магистр даражасын CERGE-EI'ден (Чехия), теориялык жана колдонмо статистика боюнча магистр даражасын Львовдогу Иван Франко атындагы улуттук университеттен алган. Учурда ал айым Чехияда KPMG Management Consulting компаниясында иштейт жана колдонмо эсептөө илимдери боюнча онлайн билим берүү платформасын түзүүгө арналган стартапка катышууда.

Арам Казарян

Арам Казарян экономика боюнча PhD даражасын Турин университетинен алган. Ал Ереван мамлекеттик университетинде жана Армениядагы Америка университетинде экономика боюнча дарс окуйт. Ал - изилдөө жана консалтинг иштерин жүргүзгөн Жүрүм-турум чечимдери борборунун негиздөөчүсү.

Аида Гжика

Аида Гжика экономика боюнча PhD даражасын Улуу Британиядагы Стаффордшир университетинен алган жана Тирана университетинин экономика факультетинде окутуучу болуп иштеп келет. Ал айымдын бакалавриат жана аспирантура (микроэкономика жана академиялык жазуу) курстарын окутуу жана ар түрдүү эл аралык долбоорлордо иштөө жана кеңеш берүү боюнча 10 жылдан ашык тажрыйбасы бар; негизинен ал маалыматтарды талдоо боюнча колдонмо усулдар экономисти катары алектенет. Анын изилдөөлөрү фискалдык борборсуздаштыруу жана экономикалык өсүү маселелерине багытталган, бирок ал ошондой эле фискалдык саясатты, тамекиге салык салуу жана аймактык өсүштү да изилдейт. Аида CERGE-EI фондунун окутуучу стипендиаты.

Майя Григолиа

Майя Григолиа Грузиядагы Тбилиси мамлекеттик университетинин Эл аралык экономика мектебинде (ISET) экономика боюнча магистр даражасын алган. Ал Тбилиси мамлекеттик университетинин Ph.D. докторантурасында окуйт. Учурда ал айым - Жакынкы Чыгыштагы Америка университетинде (Кувейт) окутуучу. Окутуу, изилдөө, долбоор жазуу жана консалтинг боюнча 10 жылдан көбүрөөк тажрыйбасы бар. Анын илимий кызыкчылыктары фискалдык саясат, финансылык билим берүү жана жеке секторду өнүктүрүүнү камтыйт. Окутуу портфолиосуна макроэкономика, экономикалык саясат, экономиканын принциптери, статистика жана маалыматтарды талдоо кирет. Анын мурдагы тажрыйбасы Дүйнөлүк банк (ДБ), Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ), Европа Комиссиясы жана ЮСАИД сыяктуу ар түрдүү эл аралык уюмдарга долбоорлор жазуу жана кеңеш берүү иш-аракетин камтыйт.

Анаит Ованнисян

Анаит Ованнисян Грузиянын Тбилиси мамлекеттик университетинин Эл аралык экономика мектебинен (ISET) экономика боюнча магистр даражасын алган. Ал Армениянын Борбордук банкынын акча-насыя саясаты департаментинин экономисти болуп иштейт.

Дрини Имами

Дрини Имами азык-түлүк экономикасы жана саясаты боюнча PhD даражасын Болонья университетинен алган. Ал бир нече алдыңкы европалык изилдөө институттары үчүн изилдөө жүргүзүп, макалалары 50дөн ашык илимий журналдарда жарыяланган. Анын изилдөө кызыкчылыктарына жүрүм-турум, саясий жана институттук экономика кирет. Ал БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Дүйнөлүк банк, Европа өнүктүрүү жана кайра куруу банкы, Германия эл аралык кызматташтык коому жана Жапон эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу уюмдарда кеңешчи болгон.

Лэсли МакКолл

Лэсли МакКолл, дипломдуу каржы серепчиси, Виржиния университетинин Дарден Бизнес башкаруу мектебинен MBA даражасын жана Уэллсли коллежинен бакалавр даражасын алган. Ал айым Уолл-Стритте 25 жылдан көбүрөөк иштеп, капиталды изилдөө, портфелди башкаруу жана инвестициялык банкинг боюнча жогорку кызматтарды аркалаган. Кардарлар кирешеси жана жүрүм-туруму, алардын үлүштөр соодасына тийгизген таасирин алдын ала айтуу боюнча жүргүзгөн экономикалык изилдөөлөрү анын керектөө базары боюнча адис катары калыптанышына жардам берди. Учурда ал – баалуу кагаздар базары боюнча кеңешчи.

Арбен Мустафа

Арбен Мустафа экономика боюнча PhD даражасын Улуу Британиядагы Стаффордшир университетинен алган. Докторантурадагы изилдөө темасы банк секторундагы атаандаштык жана анын Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү банктардын тобокелдигине жана пайыздык маржаларына тийгизген таасири тууралуу болду. Анын бул өңүт боюнча бир катар эмгектери бар. Арбен Косово Республикасынын Борбордук банкында, негизинен, изилдөө жана экономикалык талдоо менен байланышкан ар кандай кызматтарда иштеген. Ал Косовонун Гнилане шаарындагы Кадри Зека университетинде экономика жана банк иши боюнча бир катар сабактарды берет. CERGE-EI фондунун окутуучулук стипендия ээси.

Ирина Сабат

Ирина Сабат учурда Лиссабондогу (Португалия) Жаңы бизнес жана экономика мектебинде Мари Склодовска-Кюри атындагы стипендия программасынын илимий кызматкери катары экономика боюнча PhD даражасын алуу үчүн иштеп жатат. Ал айым Чехиядагы CERGE-EI'ден экономика боюнча магистр даражасын жана Украинадагы Иван Франко атындагы Львов улуттук университетинен эл аралык экономикалык мамилелер жана каржы боюнча магистр даражасын алган. Иринанын CERGE-EI фондунун окутуучулук стипендия ээси катары студенттерге жана аспиранттарга экономикалык предметтер боюнча сабак берген беш жылдан ашык тажрыйбасы бар. Ал айым CERGE-EI фонду тарабынан каржыланган экономика мугалимдеринин тобуна кирет жана университеттердин экономика боюнча дарсчыларына педагогикалык таалим берет.

Эдвин Жллима

Эдвин Жллима Болонья университетинен айыл чарба, азык-түлүк экономикасы жана саясаты боюнча PhD даражасын алган жана азыр Тирана айыл чарба университетинин (AUT) доценти болуп иштейт. Ал табигый ресурстар экономикасы, жүрүм-турум экономикасы жана гендердик экономика сыяктуу бир нече тармактарда изилдөө жүргүзүп, 40тан ашуун журналдарга макалаларын жарыялаган. Ал БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, БУУӨП, Германиянын эл аралык кызматташтык коому, USAID, Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги сыяктуу эл аралык уюмдарда кеңешчи болуп иштеген жана аларда ар түрдүү техникалык баяндамаларды түзүүгө салым кошкон.

Албан Зогай

Албан Зогай экономика боюнча PhD даражасын Италиядагы Марке политехникалык университетинен алган. Ал 2005-жылдан бери Riinvest институту менен иштешип келет жана көптөгөн илимий изилдөөлөргө катышып, жетекчи катары да салым кошкон. 2016-2019-жж. Албан мырза Косово өкмөтүндө өсүштү диагноздоо жана экономикалык татаалдыкты изилдөө жаатында иштеген. Ал Riinvest коллежинде экономикадан сабак берет.

Зураб Абрамишвили

Зураб Абрамишвили Ph.D даражасын Чехиядагы CERGE-EI'ден алган. Ал ошондой эле ТбМУнун Эл аралык экономика мектебинен (ISET)экономика боюнча магистр даражасын жана ТбМУдан математика боюнча бакалавр жана магистр даражаларын алган. Ал ТбМУда доцент, бакалавр программасынын директору жана CERGE-EI фондунун окутуучулук стипендия ээлери программасынын аймактык координатору болуп иштейт.

Бакари Бараташвили

Бакари Бараташвили экономика боюнча магистр даражасын Тбилиси мамлекеттик университетинин Эл аралык экономика мектебинен (ISET), ал эми бизнести башкаруу боюнча Ph.D. даражасын Грузиянын техникалык университетинен алган. Ал ISET ректорунун орун басары болуп иштеген жана ага чейин Жакынкы Чыгыштагы Америка университетинин (Кувейт) доценти болгон. Бакаринин университет деңгээлиндеги экономика, статистика жана каржы сабактарын окутууда 15 жылдык тажрыйбасы бар; ошондой эле ал Грузиянын мамлекеттик каржы секторунда, анын ичинде Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык каржы уюмдарында иштеген.

Леван Павленишвили

Леван Павленишвили Тбилиси мамлекеттик университетинин (ТбМУ) Эл аралык экономика мектебинен (ISET) экономика боюнча магистр даражасын алган жана Тбилиси мамлекеттик университетинин экономика факультетинин бакалавр даражасына ээ. Ал ТбМУнун Саясат институтунун жетекчисинин орун басары болгон жана экономика жаатында, анын ичинде эл аралык соода жана каржы, эконометрика жана жаратылыш ресурстарынын экономикасы сабактарын окутууда 5 жылдан ашык тажрыйбасы бар. Леван Эдинбург университетинен соода амалдарын изилдөөлөр боюнча магистр даражасын алган.

Барчынай Кимсанова

Барчынай Кимсанова 2019-жылдан бери Фольксваген Фонду тарабынан каржыланган SUSADICA долбоорунун алкагында өткөөл экономикалардагы Лейбниц атындагы айыл чарба өнүгүүлөр институтунун (IAMO) илимий кызматкери. Ал 2016-жылы Анкара университетинин Саясий илимдер факультетинен Экономикалык теория боюнча «Өкмөт саясатынын ликвиддүүлүгү чектелүү экономикаларга тийгизген таасири» аттуу эмгегин жактагандан кийин докторлук наамын алган. IAMOго келгенге чейин ал Бишкек шаарындагы ЕККУнун Академиясында жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде чакырылган окутуучу болгон. Доктор Барчынай Кимсанованын илимий кызыкчылыктары экономикалык теориядан тартып прикладдык жана өнүгүү экономикасын, анын ичинде өсүү теорияларын да камтыйт.

Кадырбек Султакеев

Кадырбек Султакеев прикладдык изилдөө жана окутуу жаатында көп жылдык тажрыйбасы бар өнүгүү боюнча экономист. Ал экономика багыты боюнча алгачкы докторлук даражасын Кыргыз-Түрк Манас университетинде алган, учурда айыл чарба экономикасы боюнча экинчи докторлук диссертациясын Фольксваген фондунун каржылоосу менен Гиссен шаарында Юстус-Либиг университетинин Айыл чарба саясаты жана маркетинг изилдөө институтунда жүргүзүүдө. Ганновердеги Лейбниц университетинде DAAD изилдөө гранты менен бир жыл изилдөөчү болуп иштеген. Вашингтондогу IFPRI штаб-квартирасында окумуштуулар менен кыска мөөнөттүү изилдөө жүргүзүү үчүн конкурстук негизде тандалып алынып тийиштүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Фискалдык саясат, сандык методдор, маалыматтарды талдоо, кредиттик анализ жана финансылык анализ боюнча бир нече курстарды Кыргыз-Түрк Манас университетинде PhD жана ага окутуучу катары окуткан.

Дамир Эсеналиев

Дамир Эсеналиев академиялык изилдөөлөр, эл аралык өнүктүрүү жана мамлекеттик кызматта кесипкөй тажрыйбасы бар өнүгүү боюнча экономист. Ал сандык микроэкономикалык изилдөө, таасирди баалоо жана панелдик сурамжылоо методологиясы боюнча тажрыйбага ээ. 2013-жылдан бери Кыргызстандагы Жашоо аттуу изилдөөгө академикалык координатору болуп келет. Лейбниц атындагы Жашылча жана декоративдүү өсүмдүктөр институтунда жана Берлиндеги ISDC – Эл аралык коопсуздук жана өнүгүү борборунда илимий кызматкер болуп иштейт. Ал буга чейин Стокгольмдогу Эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунда (SIPRI), Германиянын Экономикалык изилдөөлөр институтунда (DIW Berlin), Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында иштеген. Берлиндеги Гумбольдт-Университетинде (Германия) экономика боюнча PhD даражасын, Уильямс Колледжинде (АКШ) Өнүгүү экономикасы боюнча магистр даражасын алган.

Илимий кеңеш тобунун

Борис Кота

Борис Кота – Загреб университетинин экономика факультетинин профессору жана Эл аралык экономика жана каржы боюнча аспирантура программасынын жетекчиси. Ал Загреб шаарындагы Экономика институтунун директорлор кеңешинин мүчөсү (1997–2000) жана Хорватия Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү биримдигинин Байкоочу кеңешинин төрагасы (2003-2006) болгон. Ал Хорватиянын Улуттук банк кеңешинин мүчөсү (2006-2013), Хорватия Республикасынын Президентинин экономика боюнча атайын кеңешчиси (2010-2012), Хорватия Республикасынын Президентине караштуу Экономика боюнча кеңешинин төрагасы (2010-2015) болгон.

Олег Гаврилишин (маркумдун элесине)

Олег Гаврилишин экономика илимдеринин кандидаты даражасын Массачусетс технологиялык институтунан алган, Варшавадагы CASE изилдөө институтунун чет элдик илимий кызматкери жана учурда Карлтон университетинин Европа, Орусия жана Евразия изилдөөлөр институтунун адъюнкт-профессору. Олег Украина өкмөтүнүн кеңешчиси болуп иштеген жана "Эгемендүүлүк алгандан кийинки реформаларга сереп салуу" (2014-жылдан 2016-жылдын октябрына чейин) аттуу баяндаманы даярдаган.Анын «Өткөөл мезгилдин азыркы учуру: Посткоммунисттик өлкөлөрдөгү тарыхка, саясатка жана инсандарга ички көз караш» аттуу соңку китеби 2020-ж. Кембриж университетинин басмасынан жарык көргөн. 1991-2007-ж. аралыгында Олег Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Европа департаментинин директорунун орун басары болуп, мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрү үчүн жооптуу болгон. Ал ЭВФтин директорлор кеңешинин аткаруучу директорунун орун басары, ошондой эле Украинанын каржы министринин орун басары болуп иштеген.

Жозеф Пелцман

Жозеф Пелцман Ph.D. даражасын Бостон коллежинен алган; Жорж Вашингтон университетинде экономика жана эл аралык мамилелер боюнча профессор, укук боюнча дарс окуйт жана экономика боюнча Ph.D. программасын жетектейт. 1980-жылы факультетке келгенге чейин ал Брукингс институтунун экономикалык саясат боюнча изилдөөчүсү жана Түштүк Каролина университетинде окутуучу болгон. Ал Грузиядагы Тбилиси мамлекеттик университетинин Эл аралык экономика мектебинин (ISET) Эл аралык окумуштуулар кеңешинин негиздөөчүсү (2006-2008) болгон жана Киев Экономика мектебинде (Украина) Эл аралык консультациялык кеңештин мүчөсү (2002-2017) болуп иштеген.Ал -ошондой эле Соода, жардам жана коопсуздук коалициясынын (TASC) жана Global Works фондунун (Вашингтон) Директорлор кеңешинин мүчөсү. Учурда Global Economy Journal журналынын башкы редактору болуп иштейт жана мурда Эл аралык соода жана каржы бирикмесинин президенти болгон.

Директорлор кеңеши

Рэндалл Файлер
Президент

Рэндалл PhD даражасын Принстондон алган, Хантер коллежинин экономика профессору жана Нью-Йорк шаардык университетинин магистратура борборунун профессору, Прагадагы CERGE-EI'нин экономика профессору жана CERGE-EI фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү. Грузиянын Тбилиси шаарындагы Эл аралык экономика мектебинин Башкаруу жана Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү. Ал Загребдеги Экономика институтунда чакырылган илимий кызматкер жана IZA(Бонн), CESifo (Мюнхен) институттарында илимий кызматкер болуп иштейт. Рэндалл – «Жүйөлүү экономика» китебинин чөлкөмдүк басылмасынын калемдештеринин бири.

Майкл Марковиц
Төрага

Чикаго университетинен PhD даражасын алган соӊ, Майкл АКШда кесиптик психология (Psy.D.) боюнча биринчи көз карандысыз докторлук программаны негиздеген. Ал Түндүк-Батыш университетинде (Чикаго) менежмент боюнча дарс окуган жана кесипкөйлүк жаатындагы ар кыл макалаларды жарылаган; алардын ичинде "BBP (Bureau of Business Practice) Guide to Human Resource Management" макаласы да бар. Ал АКШдагы Аргоси университетин жана Йорквилл университетин, анын ичинде Канададагы Торонто кино мектебин негиздеген. Жакындан бери ал Атлантадагы Жон Маршалл укук мектебинин, Америкалык адвокаттар бирикмесинин төрагасы, ошондой эле Академиялык лицензияларды даярдоо жана билим берүү кызматынын (ALPESE/PrepJet) негиздөөчүсү жана төрагасы. Ал Чикаго университетинин Коомдук илимдер бөлүмүнүн көчмө комитетинин мүчөсү жана мурдагы төрагасы жана Флоридадагы Эккерд коллежинин Камкорчулар кеңешинин мурдагы мүчөсү.

Ренита Есайиан
Казыначы

Стэнфорддон MBA даражасына ээ болгон Ренита азыр – ардагер каржы адиси. АКШда жана Лондондо бир нече корпорацияда казыналык жана инвесторлор менен байланыштар боюнча кызматтардан кийин, ал Hasbro компаниясынын инвесторлор менен байланыштар боюнча вице-президенти болуп иштеген. Ардагерликке чыкканга чейин ал The Vanguard Group компаниясынын улук каржы серепчиси болгон.

Кэтлин Моун

Колумбия университетинен коомдук иштер боюнча магистр даражасына ээ болгон Кэтлин айым азыр – мамлекеттик билим берүү секторунда 40 жылдан ашык иштеген тажрыйбалуу каржы адиси. Ал Нью-Йорк шаардык билим берүү департаментинде Манхэттен жана Бронкс бөлүмдөрүнүн бюджеттик директору, бир катар көз карандысыз мектептерде бизнес-администратор жана Нью-Йорк шаардык университетинде илимий иштер боюнча каржы менежери болуп иштеген.

Элеанор Хэммонд
Башкаруучу Кеңештин кеңешчиси жана программанын директору

Элеанор Оксфорддогу Сент-Хью коллежинен магистр даражасын алган. Ал «Жүйөлүү экономика» программасын күн сайын көзөмөлдөп турат. EFI'деги кызматынран тышкары, ал Чыгыш Европадагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү экономикалык билим берүүнүн эң ири колдоочуларынын бири болгон CERGE-EI фондунун грант даярдоочусу жана каражат чогултуучусу болуп иштейт. Ал мурда Улуу Британиядагы коомдук сектор уюмдарынын стратегиялык байланыштар боюнча кеңешчиси болгон.