Кыргызстанда EFI
Жашоону өзгөрткөн билим берүү
Табигый тил – баарлашуунун эң сонун куралы. Тилди колдонуу аркылуу биз адамдар бир мээден башка мээге ойлорду жеткирүү үчүн абаны, кагазды жана пикселдерди пайдаланабыз. Тил ар бирибизге каймана мааниде алганда башка адамдарды башыбызга киргизүү мүмкүнчүлүгүн берет. Сиз менин “мен картошка чипстерин абдан жакшы көрөм” деген сүйлөмүмдү окуганыңызда, менин картошканын куурулган жана туздалган жука кесимдерин жегенден абдан ырахат алаарымды түшүнөсүз. Сиз мени бул сүйлөмдү жазуу аркылуу сизге бул азык менде, айталы, уулума болгон сезимим сыяктуу эмоционалдык жакындыкты пайда кылат деп айтып жатат деп эч качан ойлобойсуз, баса уулумду да абдан жакшы көрөөрүмдү айта кетейин.
Бирок бардык нерселер сыяктуу тилде да кемчиликтер бар. Сөздүн эң мыкты чебери да өзүнүн башына башка адамдарды толук сала албайт. “Мен картошка чипсин жакшы көрөм” деген гипотеза мындай кемчиликтин бир себебин так чагылдырат: көп учурда сөз эки же андан көп, бирок толугу менен айырмаланбаган маанини билдирет. Картошка...