Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Согуш, тынчтык жана стимулдар: экономиканын мыйзамдары биздин жашообузду азыр да кандайча башкарууда

Наталия Мелник, Бендукидзе атындагы Эркин базар борбору
4/5/22

Биз тынчтык жана согуш мезгилиндеги экономика тууралуу жөнөкөй сөз менен айтып беребиз. Себеби, экономика билими жашооңузду өз максаттарыңызга ылайык уюштурууга, азыркы дүйнөнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана айланадагы адамдардын жүрүм-турумун түшүнүүгө жардам берет. Сөздү стимулдардан жана анын супермаркетте күрүч сатып алуудан баштап, президенттик шайлоого жана согушка катышууга чейинки тандоолорго кандай таасир берээринен баштайлы.

Күнүмдүк жашоодогу стимулдар: алар эмнелерден турат?

24-февральдын таңына чейин сиз ойгонуп, акча табуу үчүн жумушка (же аралыктан иштесеңиз башка бөлмөгө) жөнөчүсүз. Физикалык жакшы формада болуу (же башкаларга көрүнүү) үчүн машыгуу залына барчусуз. Балдарыңызга жакшы баа алганы үчүн көбүрөөк акча берчүсүз. «Bosto» өтө кымбаттап кеткенде, «Жменька» күрүчүн алчусуз. 24-февральдан баштап кээ бирибиз «аман калуу», башкаларыбыз болсо «коргонуу» режиминде жашап жатабыз.

Бул жагдайлардын баарында сиз белгилүү бир стимулдардын таасири астында иш-аракет кыласыз. Сиздин иш-аракеттериңиз аларга акыл-эстүү жооп болуп саналат.

Буга экономиканын кандай тиешеси бар?

Экономиканын негизги жоболорунун бири боюнча, стимулдар адамдын жүрүм-турумуна күтүлгөн багытта таасир берет. Бул биздин ар кандай иш-аракетибизге тиешелүү.

Стимул - бул бизди кандайдыр бир иш-аракетке үндөгөн нерсе.

Эгер кандайдыр бир товар же кызмат кымбаттаса, аны сатып алууну улантуу ыктымалдыгыңыз азаят. Тескерисинче, эгер белгилүү бир тандоонун пайдасы өссө, анда ошол тандоону жасоо ыктымалдыгыңыз жогорулайт.

Үй-бүлөңүздү эвакуациялоо үчүн жер тандоодо, балким, өлкөнүн чыгышын жана түштүгүн эске албайсыз. Эгер жолугушууга кечигип жатсаңыз, кофе даярдап, жаңылыктарды көргөнгө убакыт бөлө албайсыз. Бирок, сизде 15 мүнөт бош убактыңыз болсо, анда аны кылышыңыз мүмкүн. Сиздин жолдо жаткан 10 тыйынга караганда 1 гривнаны алуу ыктымалдыгыңыз жогору жана окуучулар же студенттер ал теманын текшерүү ишинде же сынакта келээрин билишсе, сабакка көбүрөөк көңүл бурушат.

Эгерде сиз рыноктун кандайча иштээрин жакшылап карасаңыз, анда эрежелер жыйындысынын жеке стимулдар коомдук кызматташууга түрткү бере турган шарттарды кантип түзөөрүн көрөсүз. Бул татаалдай угулат, бирок чындыгында бул механизм жөнөкөй: баа, киреше жана зыяндар аркылуу ал адамдардын жеке каалоолоруна таасир берет.

Эгерде сатып алуучулар товар өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүгүнөн же сатууга даяр болгонунан көбүрөөк сатып алууну каалашса, анын баасы жакында көтөрүлөт. Баа көтөрүлгөндө, сатуучулар ал товарды көбүрөөк сунуштайт, анткени алар андан көбүрөөк киреше таба алышат, ал эми сатып алуучулар аны азыраак сатып алышат. Бул суроо-талап менен сунуштун көлөмү тең салмактуулукка жетип, баа турукташканга чейин уланат. Тескерисинче, сатуучулар учурдагы баадан товарларын сата албаса, бааны төмөндөтүүгө туура келет. Баанын төмөндөшү адамдарды көбүрөөк сатып алууга шыктандырат, бирок бул өндүрүүчүлөрдүн учурдагы өндүрүш көлөмүн сактап калуу каалоосун азайтат, анткени товарды жаңы арзан баадан сатуу алар үчүн анчалык кирешелүү эмес.

Ал башка жерде кандай иштейт?

Саясат майданында да ушул сыяктуу абалды байкайбыз. Башка шарттар туруктуу учурда, шайлоочулар аларга эң аз чыгым менен эң чоң жеке пайданы камсыз кылат деп эсептеген саясий талапкерлерди жана саясаттарды колдошот. Ошондуктан пенсия төлөө боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууну убада кылган талапкерге добуш бере турган пенсионерди элестетүү кыйын.

Стимулдар адамдын табиятынын бир бөлүгү болуп саналат, ал бизди белгилүү чечимдерди кабыл алууга түртөт. Демек, каалаган жүрүм-турумга жетүү үчүн, туура стимулдарды аныктоо зарыл. Болбосо, натыйжа ойлогондой болбойт. Заводдун жетекчилиги жумушчуларга өндүрүлгөн айнектин тоннасына жараша сыйлык берет деп элестетиңиз. Алар бул стимулга кандай жооп көрсөтүшөт? Дээрлик эч нерсе көрүнбөй турган калың айнектерди жасашат. Ал эми сыйлык чарчы метрдин санына жараша болсо, оңой сына турган, абдан жука айнектер жасалат. Кээде, натыйжа алдыга коюлган максатка толугу менен карама-каршы келиши мүмкүн, бул «кобра эффекти» деп аталат. Индияда британ колониялык башкаруусу учурунда губернатор абдан көбөйүп кеткен кобраларды жок кылуу максатында өлтүрүлгөн ар бир жыландын башына сыйлык белгилеген. Адегенде алардын саны чындап эле азайган, бирок кийинчерээк жергиликтүү тургундар аларды сыйлык алуу үчүн жашыруун өстүрө башташкан. Натыйжада сыйлык жокко чыгарылганда кобралардын санынын көбөйүп кеткени аныкталган.

Же бүгүнкү күндөн бир мисал. Жаңылыктардан орус баскынчыларынын «аскердик операциядагы» тынчтык орнотуучу ролу жөнүндөгү иллюзиялары жоюлганда, багынып жаткандыгы тууралуу кабарларды көрүүдөбүз. Өздөрүнүн айтымында, алар дезертирлерди аткылап жаткан тосмо отряддардан улам артка кайта алышпайт. Демек, согушту улантууга караганда, багынып берүүнүн стимулу жогору. Бул алардын жетекчилигинин планына эч туура келбейт.

Туура тандалган стимулга мисал катары, 1860-жылдары Австралияга туткундарды ташуу үчүн кеме капитандары менен түзүлгөн келишимди алсак болот. Абактагылардын аман калуу көрсөткүчү болгону 40%ды түзгөн жана бул көрсөткүчтү жогорулатуу боюнча капитандарга жасалган адеп-ахлактык чакырыктардан майнап чыккан эмес. Анан экономист Эдвин Чедвик капитандарга Англияда кемеге отурган ар бир туткун үчүн акча төлөбөстөн, Австралияда кемеден түшкөн ар бир туткун үчүн акча төлөөнү сунуштаган. Натыйжада алардын шарттары бир топ жакшырып, аман калуу көрсөткүчү 98%дан ашкан.

Демек, өзүңүздүн кайсы стимулдардын таасири менен иш-аракет жасап жатканыңызды жана айланаңыздагы адамдарга кандай стимулдарды түзүп жатканыңызды ойлонуп көрүңүз.

Жана экономиканын мыйзамдарынын биздин күнүмдүк жашообузду кандайча калыптандыраарын жакшыраак түшүнүү үчүн биз сизге китеп окууну кеңеш беребиз! Чакан «китеп текчеңизди» бирге чогулталы.

EFIнин жергиликтүү өнөктөшү Бендукидзе Эркин рынок борборунун (Bendukidze Free Market Center) кызматкери Наталья Мельник тарабынан даярдалган бул макала биринчи жолу Рубрика баракчасында жарыяланган.