Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Экономикадагы ымалалар

Роберт Ф. Маллиган
3/18/22

Ымала (компромисс) идеясы – экономиканын эң негизги принциптеринин бири: бардыгын ала албайсың, колдогу варианттардын арасынан тандап, бир нерседен баш тартуу керек. Бул принцип ресурстарды натыйжалуу жана ысырапсыз пайдаланууга, ошондой эле, биздин муктаждыгыбызды канааттандыра ала турган жаңы ресурстарга кайдыгер карабоого үйрөтөт. Микроэкономика деңгээлинде ар бирибиз эң аз ресурс корото турган товар жана кызматтардын өндүрүшүндө адистешебиз, башкача айтканда, биз алардын мүмкүнчүлүк чыгымы эң төмөн өндүрүүчүлөрү болобуз. Биз өзүбүз эң арзан өндүрө алган өнүмдөрдү сатып, эгер өзүбүз өндүрсөк көбүрөөк күч, каражат же ресурс корото турган башка өнүмдөрдү алабыз. Биздин соода өнөктөштөрүбүз өздөрү эң арзан өндүрө алган өнүмдөрдү сатып, биз натыйжалуураак жана азыраак чыгым менен өндүргөн өнүмдөрдү алышат. Баарын өзүбүз өндүргөнгө караганда, соода аркылуу биз төмөнүрөөк баадан көбүрөөк товар гана албастан, товар жана кызматтардын көбүрөөк түрүнө мүмкүнчүлүк алабыз.

Соода жашоо деңгээлин жогорулатат, анткени, сооданын натыйжасында ар бир адам эң жакшы жана эң аз мүмкүнчүлүк чыгымы менен өндүрө ала турган товарларга адистешет, башкача айтканда, ар бирибизден эң аз курмандыкка баруу жана эң аз ресурстарды колдонуу талап кылынат.

Макроэкономика деңгээлинде соода-сатык өлкөнүн эл аралык соода үчүн эмне өндүрөөрүн аныктайт. Соода-сатыктын табияты эмне үчүн биздин башка өлкөлөрдө арзаныраак жана натыйжалуураак өндүрүлө турган товарларды импорттоп, өз өлкөбүздө арзаныраак жана натыйжалуураак өндүрүлө турган товарларды экспорттой турганыбызды түшүндүрөт. Адам Смит экономисттердин чоң тобунан биринчилерден болуп эл аралык сооданы жактаган. Анын пикири боюнча, Англиянын Франция менен соодасы эки өлкөнүн турмуш деңгээлине эбегейсиз чоң пайда алып келген. Бүт баарын өзү өндүрүп, өзүн багууга аракет кылган, обочолонгон дыйкандардын жашоосун жана тамак-ашын элестетип көрүңүз. Жана муну алардын ар кайсы түшүмдөргө адистешип, соода кылуунун натыйжасында мол жана ар түрдүү азык-түлүккө ээ болгон абалы менен салыштырып көрүңүз. Смит айткандай, эл аралык соода «рынок мейкиндигин» кеңейтет, тагыраак айтканда, «эмгектин бөлүнүшү рыноктун көлөмү менен чектелет. Себеби, алмашуу аркылуу ар бир адам өз ишине адистешип, товар жана кызматтардын көптөгөн түрлөрүнүн арасынан тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот».

Биз жеңилирээк жана арзаныраак, башкача айтканда, башкаларга караганда жакшыраак өндүрө алган нерселердин бааарында адистешебиз. Муктаждыгыбыздан ашкан ашыкча өнүмдү башка адамдар бизге караганда натыйжалуураак өндүргөн товарларга алмашабыз. Соодадагы адистешүүнүн бул принциби же салыштырмалуу артыкчылыктар принциби жеке адамдардын ортосундагы соодага да, өлкөлөрдүн ортосундагы соодага да тиешелүү. Салыштырмалуу артыкчылыктар микроэкономикалык деңгээлде эмне үчүн адамдардын белгилүү товарлардын өндүрүшүндө адистешээрин жана макроэкономикалык деңгээлде эмне үчүн өлкөлөрдүн белгилүү товарларды экспорттоорун түшүндүрөт.

Роджер Гаррисон эки түрдүү товарлар өндүрүлгөн дүйнөнүн мисалында макроэкономикалык ымаланы сүрөттөйт. Биринчиси, адамдардын керектөөлөрүн түздөн-түз канааттандырган керектөө товарлары. Экинчиси, өндүрүш товарлары, башкача айтканда, капиталдык же инвестициялык товарлар. Өндүрүш товарлары адамдардын муктаждыктарын кыйыр түрдө, убакыттын өтүшү менен жана потенциалдуу түрдө гана канааттандырат. Өндүрүш товарларына керектөө товарларын өндүрүүдө жарым-жартылай колдонулган шаймандар, заводдор жана жабдуулар кирет. Адатта, сооданы чагылдыруу үчүн, киришүү деңгээлиндеги окуу китептери «курал-жарак жана каймак май сыяктуу эки гана товар бар» деп мисалды өтө жөнөкөйлөштүрөт, бирок товарларды эки кеңири категорияга (өндүрүш жана керектөө) бөлүү иш жүзүндө дүйнөдөгү өндүрүштүн чыныгы абалын чагылдырат. Керектөө товарлары муктаждыктарды дароо канааттандыра алат, ал эми өндүрүш товарлары болсо белгилүү убакыттан кийин жана кандайдыр бир белгисиздик менен гана канааттандырат. Бул жеке кишилердин деңгээлинде керектөө жана өндүрүш товарларынын айкалышынын адамдардын өз каалоолорунун канааттандырылышын күтүүгө даярдыгы тарабынан аныкталаарын билдирет, убакыт тандоосу деп айтылган бул көрсөткүч адатта пайыздык чен менен көрсөтүлөт. Убакыт тандоосу абдан жогору болгон адамдар муктаждыктарынын канааттандырылышын күткүлөрү келбейт. Мындай адамдар керектөөсүн кийинкиге калтырып, каражатынын кандайдыр бир бөлүгүн сакташы үчүн, жогору кирешелүү болушу керек. Убакыт тандоосу төмөнүрөөк адамдар азыраак керектеп, көбүрөөк сакташат.

Макроэкономикалык көз караштан алганда, керектөө товарлары салыштырмалуу тез коротулат, ошондуктан аларды тынымсыз өндүрүү керек. Өндүрүш товарлары көбүрөөк кызмат кылат, бирок убакыттын өтүшү менен эскирет, башкача айтканда наркы төмөндөйт. Бул тынымсыз эскирүү процесси ишканалар өндүрүштү учурдагы деңгээлде кармап туруу үчүн ар кандай өндүрүш товарларын сатып алууга мажбур дегенди билдирет. Каражаттарды бир гана керектөө товарларына сарптоо кыска мөөнөттө муктаждыктарды максималдуу канааттандырат, бирок бул көпкө улана албайт, анткени амортизация аягында бардык өндүрүш товарларынын, тагыраак айтканда, шаймандардын, жабдуулардын жана заводдордун эскиришине алып келет. Ошентип, бүгүн өтө көп ырахат алууга аракет кылуу, келечекте аз нерсеге канаат кылууга жол ачат.

Керектөө жана өндүрүш товарларынын адамдар тандаган айкалышы өлкөнүн келечектеги экономикалык өсүшүн аныктайт. Эгер адамдар керектөө жана өндүрүш товарларынын айкалышын учурдагы өндүрүш товарларын эскирээр замат алмаштырууга мүмкүндүк бере тургандай катышта тандаса, анда экономика туруктуу иштей алат. Эгер эл керектөө товарларын көбүрөөк тандаса, экономика кичирейет. Өндүрүш товарларына көбүрөөк ыктаса, экономика өсөт жана бул ыктоо канчалык жогору болсо, өсүш ошончолук тез болот.

Экономисттер макроэкономикалык ымала жөнүндө сөз кылганда, адатта, керектөө жана өндүрүш товарларынын айкалышын оптималдуу деп кабыл алышат. Бул негизи керектөө товарларынын санынын эмес, ооз чайкоочу каражаттын, консерваланган шорпонун, атырдын жана башкалардын компромисстик айкалышынын керектөөчүнүн муктаждыктарын эң жакшы канааттандыра алышынын маанилүү экенин билдирет. Өндүрүш товарларында да алардын жалпы саны гана эмес, керектөөчүлөр муктаж болгон керектөө товарларынын так айкалышын өндүрө ала турган эң ылайыктуу айкалышта болушу маанилүү. Керектөөчүлөрдүн каалоолору убакыттын өтүшү менен өзгөрүп тургандыктан, келечекте алардын каалоолорунун өзгөрүшүнө жараша ылайыктуу товарларды өндүрүүдө колдонууга боло турган ийкемдүү өндүрүш товарларын тандоо пайдалуу болот.

Буга чейин биз калктын саны жана технологиянын абалы туруктуу деп кабыл алдык. Технология убакыттын өтүшү менен өнүгүп жаткандыктан, ал өндүрүш ыкмаларын, ошондой эле, керектөөчүлөр тарабынан эң көп талап кылынган өнүмдөрдүн түрлөрүн да өзгөртөт. Технологиялык прогресстен улам өндүрүш товарлары барган сайын ар тараптуу, өндүрүмдүү, бири-бирин алмаштыра алган жана ийкемдүү болуп баратат.

Бирок, технологиялык прогресс өндүрүш процесстерин ансайын татаал, оор жана тандалган жолдон көз каранды кылууда, бул жагынан алганда, ийкемдүүлүгүн азайтууда. Калктын саны өскөн сайын туруктуу жашоо деңгээлин кармап туруу үчүн дагы көбүрөөк өнүм талап кылынат, бирок ошол эле учурда өндүрүш товарларын колдонуу үчүн көбүрөөк жумушчу күчү пайда болот. Чыныгы дүйнөнүн бул татаалдыктары экономикадагы ымаланын негизги идеясын колдонуудагы чектөөлөрдү баса көрсөтөт. Бул жерде сүрөттөлгөн татаалдыктарга карабастан, бул негизги экономикалык принципти түшүнүү керектөөчүлөрдүн тандоосу, экономикалык өсүш жана эл аралык сооданы жакшы түшүнүүгө шарт түзөт.

Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Роберт Ф. Маллиган жана Америка экономикалык изилдөөлөр институту тарабынан тартууланды.