Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Бактылуу адам болуу үчүн чектүү пайдалуулукту түшүнүңүз

Джеффри А. Такер
5/1/23

Абсолюттук чоңдуктарга таянып ой жүгүртүү көбүнчө жаңылтат. Адамдар, анын ичинде сиз да, чектүү чоңдукка карап тандоо жасайсыз.

Мен кечки тамактамын жана үй ээси мага десертке пирог берет. Мен аны жейм. Анан үй ээси: «Дагы бир кесим каалайсыңбы?» деп сурайт.

Мен сылыктык менен баш тартам.

Ал «менин пирогумду жактырган жок» деп ойлоп калат, бирок бул такыр туура эмес. Мага анын пирогу жагат, өзгөчө биринчи кесими. Бирок экинчи кесими менин тандоо рейтингимде Адан Вга төмөндөдү, ал эми «пирог жебей коюу» варианты Вдан Ага көтөрүлдү. Мен бардык товарларга карап ойлонуп жаткан жокмун, мен кошумча бир бирдиктин мага сезилген баалуулугуна карап тандоо жасап жатам. Бул экөөнүн ортосунда өтө чоң айырма бар.

«Демек менин пирогум сага анчалык жаккан жок, ошол үчүн экинчи кесимди каалаган жоксуңбу?»

Мен мындай деп жооп берем:

«Жок, мага сиздин пирогуңуз абдан жакты. Биринчи кесимди алганымда, ал дүйнөдөгү эң маанилүү нерсе болчу, аны эстен танып жактырдым. Бирок сиз экинчи кесимди сунуштаганыңызда, мен аны өзүнчө бир пирогдун кесими катары бааладым. Мага ал дагы эле абдан жагат! Бирок аны жеш менин ички тандоо рейтингимде А эмес, В. Эгер пирогдон баш тартуу мүмкүнчүлүгү болбогондо, мен аны жеп ыракаттанмакмын. Бирок экономиканын тили менен айтканда, экинчи кесимдин чектүү пайдалуулугу биринчиге караганда төмөнүрөөк болуп калды, тагыраак айтканда, менин тандоо жасашыма түрткү боло турганчалык төмөн болуп калды.

«Түшүнүктүү. Менин пирогум сага такыр жаккан жок!»

Эмнеге мындай болду? Үй ээси чектүү пайдалуулук идеясын мен түшүнгөндөй түшүнгөн жок.

Жаңы теория

1870-жылдардан 1910-жылдарга чейин экономисттердин эки муунунун эмне үчүн чектүү пайдалуулук түшүнүгү тууралуу абдан толкунданганын жакшы түшүнөм. Бул идея дүйнөнү сактап калышы мүмкүн.

Менде бир теория бар, эгер аны түшүнсөңүз, маданияттуураак болосуз. Башкаларга ынагыраак болосуз. Акылманыраак жана түшүнүктүүрөөк болосуз. Өзүңүздү жана айланаңыздагы адамдарды жакшыраак түшүнөсүз. Ал адамдын чечим кабыл алуусунун өтө татаалдыгын баса белгилейт жана эмне үчүн өкмөттөрдүн дүйнөнү акылмандык менен башкарууга таптакыр жөндөмсүз экенин көрсөтөт.

Чектүү пайдалуулукту түшүнүү ал муун үчүн учууну, электр энергиясын жана эволюция теориясын табуу сыяктуу маанилүү болгон. Ал парадигманын өзгөрүшү жана баарын өзгөрткөн бир ачылыш болгон.

Нарк ар бир жолу бирден тандалган кошумча керектелген бирдик тарабынан аныкталат.

Ал кезге чейин экономисттер нерселердин баалуулугун коом үчүн жалпы баалуулугу жагынан карап баш оорутушкан. Суу абдан баалуу. Ансыз жашай албайбыз. Ал баарына керек. Анда эмне үчүн ал мынчалык арзан, ал эми тордомо же бриллиант сыяктуу майда-чүйдө жасалгалар абдан кымбат? Бул дүйнөдө бир нерселер туура эмес, аны оңдоо керек деген мааниге келеби?

Жок, баалар колдогу ресурстардын запасы белгилүү учурда чектүү тандоо аркылуу аныкталат. Бул жөнөкөй нерседей көрүнүшү мүмкүн, бирок анын мааниси терең.

Ал экономисттер нарктын товардын жалпы запасы же анын жалпы коом үчүн болгон баалуулугу тарабынан аныкталбай турганын түшүнүшкөн. Нарк ар бир жолу бирден тандалган кошумча керектелген бирдик тарабынан аныкталат. Биз каалоолорубузду Адан чексизге чейин тизмелейбиз, бирок белгилүү убакытта бирөөсүн гана тандай алабыз. Биз А вариантын тандайбыз, эгер мүмкүнчүлүк болбосо, Вны Ага алмаштырабыз, жана ага да мүмкүнчүлүк болбосо, Сны Ага алмаштырабыз. Белгилүү убакытта биз бир гана нерсени тандайбыз. Тандоону чектүүгө таянып жасайбыз.

Маселе сизде эмес

Чектүү пайдалуулукка турмуштан дагы бир мисал.

Кыз жигитке айтат: «Маселе сенде эмес, менде». Жигит «мен муну буга чейин укканмын, мен ага жакпайм» деп ойлойт. Бирок кыздын айтканы туура болуп чыгат. Кыз аны жакшы көрөт. Чындап эле жакшы көрөт. Бирок мамиле убакыт жана энергияны талап кылат, жана кыз өзүнүн убактысын Pinterest тармагында пост жарыялоого коротууну туура көрөт. Pinterest анын жеке каалоолор рейтингинде А болуп эсептелет. Жигит болсо В. Жигит талапка туура келбейт.

Же балким андай эмес. Балким, A – Pinterest болсо, В – сабактарды жакшы окуу. С – пианино үйрөнүү. D – «Тактылар оюнун» (Game of Thrones) көрүү. E – бисквит бышыруу. F – курбуларына Snapchat аркылуу маанисиз сүрөттөрдү жөнөтүү. Аягында биз G вариантына келебиз, ал «ошол жигит менен жолугушууга чыгуу». Жигит кызга чындап эле жагат, жана эгер A-F варианттары болбогондо, ал аны менен жолугушууга чыкмак. Бирок A-F варианттарын тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Тандоолор рейтингинде А вариантынан дароо G вариантына секирүү катачылык болот, анткени анын жалпы бакыты тигил вариантка караганда төмөндөп кетет.

Чектүү пайдалуулуктун адамдын чечимин кантип түшүндүрө алаарын көрдүңүзбү? Бул биз ойлорубузда жана кыймыл-аракеттерибизде ак-кара түшүнүктөрүнө таянбайбыз дегенди билдирет. Бул сүйүү же жек көрүү, кабыл алуу же четке кагуу, умтулуу же качуу эмес. Биз башкаларга көрүнбөгөн, укмуш татаал жана чексиз көп тандоолор контекстинде чектүүгө таянып чечим кабыл алабыз.

Үйлөнүү той

Адамдарды чектүү пайдалуулук тууралуу ойлонбоого мажбурлаган акылсыздыкка дал ушул жашыруун өңүт себеп болот.

Илимий жактан караганда, чектүү пайдалуулук салыштырмалуу жаңы ачылыш.

Досуңуз сизди үйлөнүү тоюна чакырат. Сиз баргым келет, бирок ошол күнү катышуум керек болгон жумушка байланыштуу жолугушуум бар деп айтасыз. Сиз чындап эле баргыңыз келет, бирок бирөөсүн тандашыңыз керек болот, жана ал учурда карьераңызды сактап калуу абдан маанилүү көрүнөт.

Досуңуз түшүнүү менен кабыл алат. Азырынча. Анан той болот, сиз болсо жоксуз. Сүрөт альбому чыгат, сиз эч жерде көрүнбөйсүз. Эскерүүлөр сонун жана кызыктуу, бирок сиз алардын арасында жоксуз. Кийинчерээк досуңуз ойлоно баштайт: «Мен аны досум деп ойлогом, бирок ал болор-болбос шылтоону айтып үйлөнүү тоюма келген жок». Ал мен ойлогондой дос эмес экен. Мен аны жек көрөм.

Мындай окуялар дайыма болот. Анын себеби адамдар чектүү пайдалуулук жөнүндө ойлонушпайт. Ал ар дайым оюбузда турбайт. Бул таң калычтуу деле эмес, анткени адамзат аны ачканга чейин 500 000 жыл өттү. Илимий жактан караганда, бул салыштырмалуу жаңы ачылыш. Бул түшүнүк биздин жүрөктөрүбүзгө орногонго чейин балким дагы бир канча кылым өтөт. Анткен менен, аны түшүнгөндөр жашоодо жолун оңой табат.

Тасмалар

Досубуздун биз менен киного барбаганы ал киного барууну каалабайт деген мааниге келбей турганын түшүнө баштайбыз. Ал чындап эле барууну каалайт. Болгону киного баруу каалоосу тизмедеги эң жогорку пункттан бир аз төмөн турат жана биз бир учурда бир пунктту гана тандай алабыз.

Мунун коммерциялык жактан эбегейсиз мааниси бар.

Сиз пончик дүкөнүн ачтыңыз дейли. Аларды сатууга аракет кылып күн сайын ошол жерде отурасыз. Бир айдын ичинде бир пончик да сатылган жок. Сиз адамдарга менин пончиктерим жаккан жок деген тыянакка келдиңиз, бир караганда бул туурадай сезилет.

Адамдар сиздин пончиктерди эмне үчүн сатып алышпайт?

Бирок чындыгында бул туура эмес. Ал жерде бүтүндөй коом бар, миңдеген адамдар жана ар биринин башында каалоолор рейтинги бар. Эгер алардын мээсине кирүү мүмкүнчүлүгүңүз болгондо, миңдеген адамдардын оюнда тынымсыз пончик, пончик, ПОНЧИК деген ойлордун жаңырганын көрмөксүз. Алар ПОНЧИКТЕР менен жашашат жана дем алышат. Эрте менен биринчи оюна келген жана кечинде акыркы ойлогон нерсеси пончик.

Анда маселе эмнеде? Эмне үчүн адамдар сиздин пончиктерди сатып алышпайт? Маселе алардын ар бири андан да көбүрөөк ойлогон башка нерсенин бар болушунда. Алар жумушка кечикпей барууну каалашат. Семирип кетүүдөн коркушат. Акчаны үнөмдөгүлөрү келет. Смартфонундагы оюнга кызыгып, дүкөнүңүздүн жанынан өтүп кетишет. Демек кандайдыр бир себептер пончикке болгон кызыгууларына тоскоол болот.

Ишкер катары сиз эмне кылышыңыз керек? Сиз алардын мээсине кирүүнүн жолун ойлоп таап, алардын А тандоосун балким алардын В тандоосуна алмаштырышыңыз шарт. Сиз эң жогорку эки каалоонун ордун алмаштырышыңыз керек. Эгер пончик каалоосу G варианты болсо, анда аны B деңгээлинен да жогоруга чыгарышыңыз шарт. Пончиктер ута турган бир гана орун бар: А. Ошондо гана коңгуроо кагылат. Ошентип, сиз төмөн жактагы каалоону жогоруга чыгаруу үчүн көпкө күрөшүп көпкө түртөсүз.

Маркетинг

Ал үчүн эмне кылуу керек? Товарыңыздын баасын төмөндөтүп, сапатын жогорулатып, ар кандай даамдарды же башка нерселерди сунушташыңыз мүмкүн, бирок алардын эч бири иш жүзүндө тапшырманы аткара албайт. Эмне үчүн? Себеби аны кылып жатканыңызды эч ким билбейт! Ошондуктан алардын мээсине кирүү керек. Рынокко чыгышыңыз керек. Сатышыңыз керек. Жарнама кылышыңыз керек. Социалдык тармактар аркылуу атыңызды чыгарышыңыз керек. Кандай гана кылбаңыз, максат белгилүү: пончиктерди А орунга чыгаруу.

Ал үчүн аны жогору көтөрүү керек. Балким бир аз түрткү, кээ бир адамдарга ошол эле керек. Бирок кээ бирлерге ал жетиштүү болбойт, анткен менен сиз баары бир аны так билбейсиз. Сиз аны чындап жеңишиңиз шарт. Ошондуктан сиз аны жогору түртөсүз. Эгер сиз iPhone болсоңуз, ар бир адам кинопродюсер боло алат деп убада бересиз. Эгер сиз Southwest Airlines авиакомпаниясы болсоңуз, анда бактылуу эс алууну убадалайсыз. Эгер Nike болсоңуз, жаңы жашоо образын убадалайсыз. Жана ушул сыяктуу.

Бул манипуляциябы? Эч кандай. Сиз ансыз да пончик каалаган адамдарды кадам жасап акчасын коротууга жана пончикти жашоосунун бир бөлүгүнө айлантууга көндүрүү үчүн аракет кылып жатасыз. Сиз адамдарды чыныгы каалоолорун түшүнүп, ошого жараша кадам жасоого жана эки тарапка тең пайдалуу алмашууга үгүттөө аркылуу аларга жардам берип жатасыз. Сиз утасыз. Алар утат. Баары утат.

«Маселе сенде эмес, менде» деп айткан кыздын мисалына кайра келели. Жигит эмне кылышы керек? Ал балким каалоолор рейтингинин эң жогоркусунун астында турган кичинекей каалоо экенин түшүнүшү шарт. Ал балким мунун убактылуу экенин кабыл алышы керек. Ал ошол замат рейтингде Вдан Ага кантип көтөрүлүүгө болоорун ойлонуп башташы шарт. Балким Gдан Ага көтөрүлүү керек болоорун эске алып, ишенимдүүлүк үчүн өзгөчө таң калтыра алышы зарыл.

Жарык

Бул процессти түшүнүү үчүн, сиз чектүү пайдалуулукту түшүнүшүңүз керек. Бул түшүнүк дүйнөнүн кандай түзүлгөнүн чечмелейт. Бул түшүнүк адамдын чечим кабыл алуу сырларына жарык чачат. Бул идея адамдардын өз ара мамилелеринин сырларын ачат.

Чектүү пайдалуулук призмасынан анархиянын кереметтүү тартибин көрөбүз.

Дүйнөдөгү кичинекей жана чоң кесепеттер абсолютизмден, алдыга бир гана жол бар деген ишенимден келип чыгат, эгер сиз ал жолду тандабасаңыз, анда кара ниет душманга айланасыз. Өкмөттөр ушундайча ойлонот. Алар чектүүгө таянып ойлонушпайт. Ойлору жана кыймыл-аракеттери чектүү пайдалуулукка таянган миллиарддаган адамдан турган дүйнө алар үчүн өтө татаал түшүнүк. Ошондуктан алар анын баарына көңүл бурбастан, дүйнөнү биз жана алар деп бөлүүнү чечишет.

Бирок эгер сиз чектүү пайдалуулук жагынан ой жүгүртсөңүз, анда дүйнөнүн түпкүрүндө субъективдүү түшүнүккө таянган татаал чечим кабыл алуу процессинен келип чыккан кичинекей кадамдардан тураарын жана адамдарды күч менен эч качан бириктирүүгө болбой тургандыгын, ар бир адамды бир-бирден кичинекей ынандыруу кадамдары аркылуу гана бириктирүүгө болоорун түшүнөсүз. Чектүү пайдалуулук призмасынан анархиянын кереметтүү тартибин көрөбүз.

Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Джеффри А. Такер жана Экономикалык билим берүү фонду тарабынан тартууланды. Түп нускасын бул жерден таба аласыз.