Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

«Дубалды оңдоо» экономикасы

Байрон Б. Карсон, III
1/24/23

Роберт Фросттун 1914-жылы жазган «Дубалды оңдоо» (Mending Wall) аттуу ыр саптарында экономика жана кызматташтык тууралуу маанилүү сабактар камтылган.

Поэма сабырдуулук менен кабыл алуучулуктун, заманбаптык менен каада-салттардын, балким, улуттук чек аралардын натыйжалуулугунун тең салмагы тууралуу сабактарды камтыса да, чечмелөөгө ачык бойдон калууда. Поэманын негизги маңызы катары ыр саптарында эки жолу кайталанган «тосмо жакшы болсо, кошуналар жакшы болот» деген сөздөр кошуналарыбыз менен ынак жашагыбыз келсе, жөн гана мүлктөрүбүздүн ортосуна чек ара коюуну сунуштайт. Биз ошондой эле коомдук кызматташтык жана экономикалык өнүгүү жөнүндө кененирээк сөз козгоого түрткү берүү үчүн ырды окушубуз керек.

«Дубалды оңдоо» ыр саптарынын маңызы

Бул ыр саптары, сыягы, Фрост жашаган жана таш дубалдар кеңири тараган Жаңы Англияда ортодогу урап бараткан дубалды калыбына келтирүү үчүн жолугушкан эки кошунага арналган.

Оңтойсуз кириш сөз окурмандарды ыр саптарынын объектине бурат: «дубалды жактырбаган бир нерсе бар». Анын алгачкы саптарынан биз дубалдын пассивдүү жана активдүү күчтөрдүн таасиринен бузулаарын түшүнөбүз: суук айларда суу тоңуп, кеңейет, атчан мергенчилер бир жерин талкалап өтүшөт. Эки кошуна улам сайын дубалды оңдоп турууга мажбур болушат.

Ыр саптарынын калган бөлүгү кошуналардын ортосундагы пикир алмашууга арналат. Алардын бирөөсү дубалды оңдоонун зарылчылыгы тууралуу күмөн санаса, экинчиси (балким ойлонбостон) аны жасоого киришет. Суроо узаткан кошуна дубалга карата сын көз менен карайт, анткени ал алма бактар менен карагайлардын жер тилкелеринин чегинен өтүп кетишине бөгөт койо албайт. Ыр саптары берки кошунанын «тосмо жакшы болсо, кошуналар жакшы болот» деген учкул сөзүн кайра кайталашы менен аяктайт

Ыр саптарында камтылган ойлор

«Дубалды оңдоо» ыр саптарында менчик укугу тууралуу да тереңирээк сабактар камтылган.

Дубалды оңдоону жактырбаган кошунанын ою туура, бирок ал менчик укугунун канчалык чоң мааниге ээ экенин билбейт. Ал киши кошуналардын эч биринин уйу же адашып кете турган башка жаныбары жок болгондуктан, дубалды оңдоонун чыгымы анын пайдасынан көп деп ойлойт. Бирок салтты көбүрөөк сактаган кошуна өзүнүн оюнан кайтпайт, анткени сыягы ал өзүнүн болжогон акылмандыгында өзүн ыңгайлуу сезет. Ал дубалды оңдоону улантып, сөзүн кайра кайталайт: «жакшы дубалдар – жакшы кошуналар».

Дубал – менчик укуктарын тактоо, көзөмөлдөө жана аны коргоону камсыз кылуу каражаты. Менчик укуктары адамдардын ресурстарды башкаларды кийлигиштирбестен, өз баалуулуктарына жана максаттарына ылайык кантип колдоно ала тургандыгы тууралуу күтүүлөрдү белгилейт. Дубал кароосуз калган жаныбарларды кармоо менен эле чектелбейт. Ал кошуналык мамилелерди сактоого жана «меники жана сеники» деген түшүнүктөргө байланыштуу күтүүлөрдүн калыптанышына жардам берет.

Мындай күтүүлөр адамдарды узун мөөнөттүү пландарды түзүүгө түрткү берет. Кошуналар, мисалы, карагай жана алма бактарын өстүрүшөт, аларды пландап өстүрүү көп жылдарды талап кылат. Дубалдын ордунда турушу жана аны жыл сайын оңдоо каадасын улантуу ал дарактарды сугарып өстүрүүгө шыктандырат жана кошуналарга башка пландарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Дубалдар жана координация

Фросттун ыр саптары, ошондой эле, адамдар эки тарапка тең пайдалуу натыйжага жетүү үчүн кантип кызматташаары тууралуу сабактарды да камтыйт.

Физикалык дубал биргелешип курулат жана коомдук байлык болуп эсептелет, бирок кызматташа албаган адамдар үчүн аны жасоо адатта кыйын болот. Мындай товарлар кандайдыр бир деңгээлде керектөөдө атаандаштыкты пайда кылбайт, бирок анын чыгымы жогорулап кетиши мүмкүн, анткени андайда адамдар акысыз жол жүрүшөт жана, балким өтө аз товар өндүрүлөт. Мисалы, дубалды оңдоого сын көз менен караган кошуна тигил кошунасына жардам бербей дубалды жалгыз оңдоого мажбурлап, жыйынтыгында ошол эле пайданы алышы мүмкүн.

Ыр саптарында айтылгандай, дубалды экөөлөп оңдоо жеңилирээк болот, мунун мааниси акысыз жол жүрүү өндүрүш процессинин чыгымын жогорулатат:

Бир күнү биз сызыктан өтүп жолугушабыз,
Жана ортобузга дагы бир жолу дубал курабыз,
Алга кадам таштаган сайын ортобуздагы дубалды сактайбыз,
Ар бирине түшкөн таштар, ар бирине.

Акысыз жол жүрүү улана берсе, дубал ансайын бузула бермек.

Бактыга жараша, кошуналар бир пикирге келе алышат. Фросттун ыр саптары кошуналардын жалпы тажрыйба, тарых жана каада-салттар аркылуу кызматташаарына ишарат кылат. Дубалдагы тешиктерди карап, бир кошуна мындай дейт:

Булардын кантип жасалганын эч ким көргөн эмес жана уккан эмес,
Бирок жазгы оңдоп-түзөө маалында биз аларды ушул жерден көрөбүз.

Жаз – бул бир гана табияттан кайрадан ырахат алуунун убактысы эмес, ошондой эле, ал кошуналар туш болгон уникалдуу маселени чечүүнүн кадимки мезгили. Оңдоо жумушу бир кошунан айтымында ушунчалык көп жасалгандыктан, «таза абадагы оюнга» окшошот.

Мындан тышкары, биз «жакшы дубалдар, жакшы кошуналар» макал-лакабынын азыркы кошуналардын сөзү эмес экенин түшүнөбүз. Кошуналардын бирөөсүнүн ойлонбостон дубалды оңдоо макулдугуна токтолуп:

Атасынын айтканынан кайтпайт,
Жана ага бул тууралуу ойлонуп бир бүтүмгө келгени жагат.

Өзүн-өзү башкаруу тууралуу узун сабак

Адамдардын дубалды оңдоо сыяктуу маселелерди кантип чечээрин изилдөө кызматташуу жана өзүн-өзү башкаруу тууралуу маанилүү сабактарды чыгарууга шарт түзөт.

Кошуналар бири-бири менен оңой баарлаша алышат, жалпы тарыхы бар жана, балким, көп жылдар бою бири-бири менен иштешүүнү күтүшөт. Майкл Тейлордун айтымында, бул факторлордун баары кызматташууга жана кызматташууну жеңилдете турган келишим жана эрежелерди издөөгө түрткү берет. Жалпысынан алганда, ар бир фактор Коуз чечиминин ыктымалдуу экенин көрсөтөт, анткени транзакциялык чыгымдар салыштырмалуу төмөн.

Мындай шарттар Дэвид Юмдун шалбааны кургаткан эки кошуна тууралуу талкуусуна окшошот. «Адамдын табияты тууралуу трактатында»(III китеп, II бөлүк, VII бөлүм) Юм эки кошуна сыягы «бири-биринин акыл-эсин билгендиктен» шалбааны кургатууда кызматташышы мүмкүн деп болжолдойт. Кызматташуу алардын өз ара кызыкчылыктарынан жана кошуналары тууралуу жалпы билген маалыматынан келип чыгат.

Эгерде бизде Фросттун кошуналары тууралуу көбүрөөк маалымат болгондо, Элинор Остром талкуулагандай, адамдарды жалпы ресурстарды башкарууга түрткөн шарттарды тереңирээк изилдей алмакпыз. Остром айткандай, жалпы ресурстарды колдонгон адамдар канчалык өздөрүнүн эрежелерин белгилесе, аларды башкаруу ошончолук ийгиликтүү болот. Дубалды оңдоо – бул болгону бир поэма, бирок Жаңы Англияда жана дүйнө жүзүндө мындай логикага туура келген көптөгөн таш дубалдар бар.

Роберт Фросттун чебер ыр саптары экономисттерге жана студенттерге менчик укугу, өзүн-өзү башкаруу жана тынчтык кызматташтык тууралуу маалымат алууга көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мындай товарларды камсыз кылуу өзгөчө адамдардын транзакциялык чыгымдары салыштырмалуу төмөн болгондо жана өзүн-өзү башкара алганда салыштырмалуу жеңил болушу мүмкүн. Ошол эле учурда, эрежелер жана каада-салттар сыяктуу коомдук көрүнүштөр адамдар аларды эмне үчүн карманаарын билишпесе дагы, коомго пайда алып келет.

Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Байрон Б. Карсон, III жана Америка экономикалык изилдөөлөр институту тарабынан тартууланды. Түп нускасын бул жерден таба аласыз.