Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Сунуш менен суроо-талап бир гана микроэкономикага таандык эмес

Александр Уильям Солтер
3/7/22

Сунуш менен суроо-талап – бул экономиканын өзөгү. Бул түшүнүктөр экономисттерди тынчсыздандырган нерселердин дээрлик баарын түшүнүүдө чоң мааниге ээ. Рыноктук баалар жана көлөмдөр, тармактын кирешелери, кирешенин бөлүнүшү, бажы салыктарынын таасири, булардын баары суроо-талап менен сунуштан көз каранды.

Сунуш менен суроо-талаптын максатка ылайыктуулугу үй чарбалар менен фирмаларды изилдеген микроэкономикада эң айкын байкалат. Бирок бул түшүнүктөр макроэкономикада өсүү жана бизнес циклдери сыяктуу жалпы экономикалык кубулуштарды изилдөөдө да ыңгайлуу. Экономиканын актуалдуу темасы болгон инфляцияны түшүндүрүү үчүн суроо-талап менен сунушту колдонолу.

Бизге улуу Милтон Фридман үйрөткөндөй: «Инфляция ар дайым жана бардык жерде акча менен байланыштуу, ал акчанын көлөмүнүн өндүрүш көлөмүнө караганда ылдамыраак өсүшүнөн келип чыгат». Бул сөздөр, тилекке каршы, көптөгөн түшүнбөстүктөрдү пайда кылат. Көбүнчө ал тандалма түрдө чечмеленет жана инфляция жеңил акчадан гана келип чыкчудай көрүнүшү үчүн кыскартылып алынат. Бирок Фридмандын айтайын дегени башкача болгон. Анын негизги аргументи акчаны түшүнүү үчүн суроо-талап жана сунуш түшүнүктөрүн колдонуу болгон.

Келгиле, акча сунушунан (акча массасынан) баштайлы. Бул жерде баары жөнөкөй. Биринчиси, бул акча базасы, ал жүгүртүүдөгү акчалардан жана коммерциялык банктардын Федералдык резервде сакталган депозиттеринен турат. Федералдык резервдик система (ФРС) акча базасын каалагандай өзгөртө алат. Мындан тышкары, акча массасынын кененирээк көрсөткүчтөрү бар. Күндөлүк эсептер, жол чектери, сактык эсептер, мөөнөттүү депозиттер жана акча рыногунун өз ара фонддору. Булардын баары акча массасынын кененирээк категорияларына кирген «акча сымал» чоңдуктар. Акча базасынан айырмаланып, ФРС «акча сымал» чоңдуктардын сунушун түздөн-түз көзөмөлдөбөйт. Алар банк системасында пайда алууну көздөгөн фирмалар тарабынан аныкталат.

Эми акчага болгон суроо-талапты түшүнүүгө аракет кылалы. Бул «элдин канча акча каалап жатканы» эмес. Баарыбыз көбүрөөк акча каалайбыз! Бирок акчага болгон суроо-талап, биринчи кезекте, портфелди тандоого байланыштуу: адамдар канчалык байлыкты ликвиддүү түрдө кармоону каалашат? Акчага суроо-талап өскөндө, коомчулук салыштырмалуу жогорку ликвиддүү жана аз кирешелүү активдерге ээ болууну каалайт.

Акчанын баасы башка товарлар сыяктуу эле суроо-талап менен сунуштан көз каранды. Алманын сунушу суроо-талаптан бат өссө, алманын баасы төмөндөйт. Ошол сыяктуу, акчанын сунушу акчага болгон суроо-талаптан ылдамыраак көбөйсө, анын баасы төмөндөйт. Акчанын баасы анын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, тагыраак айтканда, белгилүү бир суммага сатып алууга мүмкүн болгон товар жана кызматтардын көлөмүн көрсөтөт.

Экономисттер адатта акчанын баасын, тагыраак айтканда, сатып алуу жөндөмдүүлүгүн баа индекси аркылуу аныкташат. Эң көп колдонулгандарга керектөө бааларынын индекси жана жеке керектөө чыгымдарынын баа индекси кирет. Бул индекстер товар куржундарынын (корзиналарынын) бааларын көзөмөлдөйт. Куржундун доллар баасы канчалык жогору болсо, бир долларга сатып ала турган куржундардын саны ошончолук аз болот. Башкача айтканда, баалардын деңгээлинин жогору болушу сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөн болушу дегенди билдирет.

Инфляция баалардын деңгээлинин жогорулашын, демек, акчанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүн билдирет. Бул инфляция акчанын сунушу акчага болгон суроо-талапка караганда батыраак өскөндүктөн келип чыгат дегенди билдиреби? Башка шарттар туруктуу учурда, ооба. Бирок көп учурда башка шарттар туруктуу эмес. Фридмандын сөздөрүн эсиңизден чыгарбаңыз: ашыкча акчанын көбөйүшү - бул кырдаалдын жарымы гана. Мындан тышкары, биз сатып алган товарлар рыногунда эмне болуп жатканы тууралуу сөз кылышыбыз керек. Товарга салыштырмалуу акча көбөйгөн сайын, акча арзандайт, демек товар кымбаттайт. Чыныгы өндүрүмдүүлүк, тагыраак айтканда, биздин унааларды, ноутбуктарды, учактарды, Гавайидеги эс алууларды жана башкаларды канчалык жакшы өндүргөнүбүз да капчыгыбыздагы акчанын чыныгы баалуулугуна таасир берет.

Көрүнүп тургандай, суроо-талап менен сунуш баарына таасир берет. Капитал жана жумушчу күчү сыяктуу өндүрүшкө катышкан ресурстардын бөлүштүрүлүшүндө, демек, өндүрүмдүүлүктө да суроо-талап менен сунуш чындыгында маанилүү. Албетте, алар макроэкономика үчүн да маанилүү. Сунуш менен суроо-талапты эске албай туруп, акча каражаттарынын калдыктарынын рыногун түшүнүү мүмкүн эмес. Мунун баарын жыйынтыктасак, инфляцияга акча рыногунун да, товар рыногунун да таасир берээрин көрөбүз.

Муну түшүнүү үчүн экономика тармагында илимий даражага ээ болуу шарт эмес. Экономика дисциплина катары «сабаттуу адис эмес» ар бир адам үчүн жеткиликтүү. Болгону суроо-талап жана сунуш сыяктуу түшүнүктөрдү жакшылап өздөштүрүүдөн баштаңыз.

Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Александр Уильям Солтер жана Америка экономикалык изилдөөлөр институту тарабынан тартууланды.