Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Бааны жөнгө салуу: рыноктун көрүнгөн жана көрүнбөс колу деген эмне жана анын Украинадагы күйүүчү май кризисине кандай байланышы бар?

Наталия Мелник, Бендукидзе атындагы Эркин базар борбору
6/9/22

Күйүүчү майдын таңсыктыгы, бош май куюучу жайлар жана баанын рынокко таасири

Рыноктун көрүнбөс колу эсиңиздеби? Бул сатып алуучулар менен сатуучулардын эркин тандоосу аркылуу суроо-талап менен сунушту тең салмакка салган баа системасы. Бул рыноктун өзүн-өзү жөнгө салуу принцибин Адам Смит сүрөттөгөн. Анын айтымында, жеке кызыкчылык өндүрүүчүлөрдү кардарларга керектүү нерселерди эң төмөн баада өндүрүүгө үндөйт.

Баа - бул товардын же кызматтын бир бирдиги үчүн төлөнгөн же алынган акчалай нарк. Фридрих фон Хайек рынок системасын керемет деп атаган, анткени бир гана көрсөткүч, тактап айтканда, товардын же кызматтын баасы абдан көп маалыматты камтыйт жана сатуучулар менен сатып алуучуларга каалаган нерсесин алууга жардам бере турган чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт. Баалар биз каалаган товарды башка альтернатива менен, башкача айтканда, анын ордуна сатып алышыбыз мүмкүн болгон башка товар менен салыштырууга мүмкүндүк берет.

Суроо-талап жана сунуш мыйзамдары

Керектөөчүлөр колундагы чектелүү ресурсунан максималдуу пайда алууну каалашат, ошондуктан товардын баасы төмөн болгондо андан көбүрөөк бирдик сатып алышат. Сыягы, сиз жашооңузда ушундай эле көрүнүштү байкаган чыгарсыз: эгерде товар арзандаса, сиз андан көбүрөөк сатып аласыз, ал эми кымбаттаса, тескерисинче, азыраак аласыз. Жыйынтыктап айтканда, товардын же кызматтын баасы көтөрүлгөндө суроо-талап төмөндөйт, анткени кымбатыраак нерселерди сатып алууга азыраак кардарлар даяр жана жөндөмдүү. Бул тескери байланыш суроо-талап мыйзамы катары белгилүү.

Ал эми сатуучулар болсо рыноктук баанын негизинде канча сатаарын чечишет, анткени эркин рынокто сатуучулар өз товарларына бааны сейрек учурда гана белгилей алышат жана рынок мүмкүнчүлүк берген бааны кабыл алууга аргасыз болушат. Баа канчалык жогору болсо, ошончолук көп сатуучу өз товарларын сатууга сунуштайт. Тескерисинче, баалар төмөндөсө, сатууга азыраак бирдик товар сунушталат. Баа менен көлөмдүн ортосундагы бул түз байланыш сунуш мыйзамы деп аталат. Мунун түшүндүрмөсү жөнөкөй эле: жогорку баа көбүрөөк пайда алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат, демек сатуучулар көбүрөөк сатууга кызыкдар болот. Мындан тышкары, өндүрүштүн өсүшү өнүмдүн ар бир кошумча бирдигин өндүрүүгө кеткен чыгымды көбөйтөт, андыктан өндүрүүчүлөр өнүмдүн баасы анын чыгымдарын жабуу үчүн жетиштүү деңгээлге көтөрүлгөндө гана көбүрөөк сатышат.

Рыноктук баа кантип түзүлөт?

Эгерде сатуучулар керектөөчүлөрдүн алгысы келгенинен көбүрөөк товар сунуштаса, анда товарлар артып калат. Бул сатуучуларды артып калган товарларды сатуу үчүн бааны төмөндөтүүгө мажбурлайт. Өндүрүш чыгымы эң жогору болгон сатуучулар зыян тартат жана бул товар рыногун таштап кетиши ыктымал. Баа керектөөчүлөр сатып алууга даяр болгон товардын саны сатуучулар сунуш кылууга даяр болгон товардын санына теңелгенге чейин төмөндөйт. Бул баа тең салмактуу баа деп аталат. Эгерде баа тең салмактуу баадан төмөн болсо, керектөөчүлөр сатуучулардын сунуштаганына караганда көбүрөөк сатып алууну каалашат. Бул тартыштыкка алып келет, ага жооп катары рыноктук күчтөр бааны көтөрөт. Ошентип, сатып алуучулар менен сатуучулардын жүрүм-туруму ар дайым көзгө көрүнбөстөн жана алдын ала ниеттелбестен координацияланат, натыйжада суроо-талап менен сунушту тең салмактаган баа келип чыгат.

Анда эмне үчүн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тартыштыгы же ашыкчалыгы пайда болот?

Эркин рынокто мындай көрүнүштөр сейрек кездешет, анткени бардык катышуучулар баа сигналдарын алышат. Сатуучулар керектөөчүлөрдүн сатып алгысы келгенинен көп сата албайт жана сатып алуучулардын төлөөгө даяр болгон баасынан жогору баа белгилей албайт. Рыноктук баалар суроо-талап менен сунуштун ортосунда тең салмактуулукту орнотот. Ошондой эле, ал сатуучуларды керектөөчүлөргө товарларды өндүрүш чыгымдарын жаба тургандай баада сунуштоого багыттайт.

Бул спонтандык тартип борбордук пландоону талап кылбайт, баалардын адамдардын кызыкчылыктарын шайкеш келтириши аркылуу орнойт. Бирок, кээде өкмөттүн саясаты салыктар, субсидиялар жана башка мыйзам ченемдер аркылуу баа сигналдарын бурмалайт.

Мунун баарынын күйүүчү майга кандай тиешеси бар?

Мисалы, Украинадагы күйүүчү майдын азыркы абалын алалы. Бардык украиналык айдоочулар жумушка баруу, туугандарын жана чоочун адамдарды эвакуациялоо, фронтко гуманитардык жүктөрдү жана товарларды жеткирүү сыяктуу аракеттер учурунда күйүүчү майдын жетишсиздигине туш болушту. Жетишсиздик эмнеден келип чыкты? Анын Кременчуг мунай иштетүүчү заводунун аргасыз жабылышы, мунай базаларынын бомбаланышы жана Батыш Европадан келчү импорттун жөнгө салына элек жана татаал логистикасы сыяктуу көптөгөн себеби бар. Мамлекеттик жөнгө салуу жагдайды ого бетер начарлатты.

Эске салсак, Украинанын Экономика министрлиги 2021-жылдын май айында күйүүчү майдын баасын чектеген. Украинада бензиндин баасы эки бөлүктөн турат: бензиндин өзүнүн баасынан жана май куюучу станциялар бензиндин жана дизелдик отундун орточо наркына кошо ала турган министрлик тарабынан эсептелген соода үстөгүнөн. 2022-жылдын февраль айынын аягынан баштап бул үстөк бир литр бензин үчүн 5 грн. жана бир литр дизелдик отун үчүн 4,55 грн. деп белгиленген. Бензиндин орточо баасы иш жүзүндөгү чыгымдарды чагылдыруу үчүн жогорулатылганы менен, баанын жөнгө салынуучу бөлүгү күйүүчү майга болгон суроо-талаптын өзгөрүшүн жана бөлүштүрүүгө кеткен жаңы чыгымдарды чагылдыра алган жок. Ошентип, күйүүчү майга жетүү эми керектөөчүлөрдүн ага төлөөгө болгон даярдыгынан эмес, бензини түгөнө элек бир нече май куюучу станцияларда кезек күтүп убактысын коротууга даярдыгынан көз-каранды болууда.

Кагаз жүзүндөгү арзан бааларды, бош май куюучу станцияларды жана көпчүлүгү 10 литр күйүүчү май сатып алуу үчүн 5 сааттан ашык кезек күтүп, нааразы болгон айдоочуларды көргөн өкмөт бааларды көзөмөлдөөнү алып салды. Натыйжада 38 гривен болгон бензиндин бир литринин баасы 50 гривенден ашып кетти. Азыр болсо күйүүчү май арзандап, кезек күтүүлөр бир топ кыскарды, анткени баалардын кымбатташы суроо-талапты азайтты жана май куюучу станцияларды чекене рынокту күйүүчү май менен камсыз кылууга шыктандырды.

EFIнин жергиликтүү өнөктөшү Бендукидзе Эркин рынок борборунун (Bendukidze Free Market Center) кызматкери Наталья Мельник тарабынан даярдалган бул макала биринчи жолу Рубрика баракчасында жарыяланган.