Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Ричард Строуптун элесине

Элеонор Хэммонд
1/13/22

Өткөн жылдын аягында «Жүйөлүү экономика: ар бир киши жеке жана улуттук бакыбатчылык жөнүндө эмнени билиши керек» китебинин авторлорунун бири Ричард Струптун каза болушу себептүү эркин рынок экономика дүйнөсү өзүнүн чемпиондорунун бирин жоготту. Эркин рынок чөйрөсүнүн алгачкы чемпиону Ричард Мүлк жана айлана-чөйрөнү изилдөө борборунун (PERC) негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Ал ошондой эле Түндүк Каролина мамлекеттик университетинин жана Монтана штатынын университетинин экономика илимдеринин ардактуу профессору, Көз карандысыз институттун илимий кызматкери, Като институтунун адъюнкт окумуштуусу жана Мон Пелерин коомунун мүчөсү болгон.

Биз Ричардга жана бардык «Жүйөлүү экономика» китебинин автордук жамаатына китепти Чыгыш Европадагы жана мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрүндөгү жаңы аудиторияга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берген берешендиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Команданын үзгүлтүксүз колдоосу баарыбызды шыктандырат.