Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Оби-Ван Кеноби, коомдук тандоо боюнча экономист

Байрон Б. Карсон, III
1/1/70

«Жылдыздар согушу» коомдук тандоо теориясын[1] жакшыраак түшүнүү үчүн галактикалар аралык дарбаза боло алабы? Жакында өзүнүн сериалы[2] жарык көрө турган Оби-Ван Кеноби ааламдагы эң улуу джедайлардын бири жана риториканын[3] чебери эле эмес, ошол эле учурда саясий экономиканын даанышман мугалими.

Оби-Вандын эскертүүсү

«Клондордун чабуулу»[4] тасмасында сенатор Падме Амидаланы өлтүрүлүүү коркунучунан коргоп жатып, Анакин Скайволкер менен Оби-Ван коопсуздук пландарын, Анакиндин апасына болгон айласыздыгын жана Анакиндин Амидалага болгон сүйүүсүн талкуулашат. Оби-Ван Анакинге Амидаланын саясатчы экенин эскертет. Оби-Ван мындай дейт: «... анын саясатчы экенин унутпа, аларга ишенүүгө болбойт».

«Клондордун чабуулу» (2002) – бул ачыктан-ачык саясий тасма, деп белгилейт профессор Энн Ланкашир[5], ал эми америкалык укук таануучу Касс Санштейн[6] чыгарманын бүтүндөй контекстинин саясий экендигин белгилейт. Ал эми «Клондордун чабуулуна» кайрылсак, Оби-Вандын комментарийлери коомдук тандоо экономикасына кирет. Бирок анда эч кандай нигилизм жок, анткен менен ал бизде саясатчылар болбошу керек дегенди билдирбейт. Ал тиешелүү Star Wars өкмөт системасында, б.а. Галактика Сенатында[7] саясатчылардын ээлеген ордун билдирет.

Анакиндин адашуусу

Оби-Вандын эскертүүсүнө жооп катары, Анакин саясатчыларга романтикалык мамилесин, ошондой эле Амидалага болгон сезимдерин көрсөтөт. Анакин мындай дейт: «Ал сенаттагы башкалардай эмес...». Көптөгөн жарандар саясатчылар, шайланган чиновниктер, жада калса мамлекеттер, же жок эле дегенде, бул ишмерлерге ишеним көрсөткөндөр жаңылбайт деген, реалдуу эмес көз карашта эле.

Оби-Ван Анакиндин жообуна эптүү түрдө каршы чыгып, өзүнүн эскертүүсүн мындайча улантат: «Менин тажрыйбам боюнча, сенаторлор өздөрүнүн кампаниясын каржылагандарга гана жагынууга көңүл бурушат». Оби-Ван Анакинди конкреттүү адамдарга же алардын ниеттерине эмес, стимулдарга көңүл бурууга үндөйт. Бул Анакиндин катасы. Оби-Ван саясатчыларга жаман же зыяндуу мотивдерди жүктөбөйт, анткени бул коомдук тандоонун түпкү логикасы жагынан жаңылыштык болмок. Белгилүү бир адамдын мотивине карабастан - ал адилеттүү адамбы, ал тургай шылуунбу, ал тургай джедайбы, жада калса ситпи - анын жүрүм-туруму негизинен стимулдар менен аныкталат. Биз Амидала, Мастер Йода, Шми Скайволкер, Жар Жар Бинкс, Дарт Вейдер же Император Палпатин жөнүндө сөз кылып жатканыбыздын мааниси жок; стимулдар базардагы жана саясий чөйрөдөгү адамдардын жүрүм-турумуна таасир этет. Бул коомдук тандоо экономикасынын, же романтикасыз саясаттын маңызы.

Оби-Ван сөзүн улайт: «Алар ошол каражаттарды алуу үчүн демократиянын жакшы жактарын унутуп коюудан коркпойт». Сенаторлор демократияны абдан баалашы мүмкүн, бирок алар туш болгон стимулдар алардын бул баалуулуктарды четке кагууларына жана, балким, аларды бурмалоолоруна түрткү бериши мүмкүн. Өспүрүм баладай кыжырдануу менен Анакин Оби-Вандын аргументин толугу менен четке кагып: «Башкасы болсо да, жок дегенде экономика жана саясат боюнча лекция окубай эле коёлу»-дейт.

Кийинчерээк бул көрүнүштө Анакин мындай дейт: «...жана сиз жалпылап айткандан тышкары, канцлер коррупционер эмес окшойт». Оби-Ван өзүнүн коомдук тандоо логикасын коргоп, мындай деп жооп берет: «Палпатин - саясатчы, мен сенаторлордун кумарларын жана жек көрүүлөрүн байкоодо анын абдан акылдуу экенин байкадым». Башкача айтканда, Палпатин башкаларды республиканын кызыкчылыгы үчүн эмес, өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатат. Амидаланы уулуу кырка буттардан сактап калуудан бир нече мүнөт мурун Анакин: «Менин оюмча, [Палпатин] жакшы адам» деп өзүнүн романтизмин толугу менен көрсөтөт.

*- Саясатчылар коомдук кызыкчылык үчүн кызмат кылат.
- Бирок алардын өз кызыкчылыктары да бар, туурабы?
- ...
 - ... алардын өз кызыкчылыктары да бар, туурабы?

Мындай мотивациялар Оби-Вандын пикирине жана коомдук тандоонун логикасына каршы келет. Адамдар стимулдарга жооп беришет, атүгүл Галактикалык Сенаттагы сенаторлор жана канцлерлер дагы. Балким, Анакин кулак салса, Палпатиндин кадамдарына каршы чыгып, анын караңгы тарап менен байланышын түшүнмөк.

Бардык галактикалар үчүн коомдук тандоо

Коомдук тандоо[8] логикасы реалдуу дүйнөдө актуалдуу бойдон калууда, атүгүл биздин курч саясий талаш-тартыштарыбыз үчүн да.

Саясатчылар эмне гана кылбасын — Украинадагы инфраструктурага[9] же чыр-чатакка[10] жетишсиз салыктык кирешелерди коротуп жатабы, өздөрүнүн аракети менен инфляцияны күчөтүп жатышабы, Ковид-19 тесттерине же бөбөктөр формуласына (бөбөктөр үчүн жасалма кургак сүткө) эрежелерди жана тарифтерди киргизишүүдөбү[11], же мектептердин жабылышын узартышуудабы[12] — алар өздөрүнүн алдындагы стимулдарга жооп беришүүдө. Мындай жүрүм-турумдар сөзсүз эле республикалык же демократиялык болууга тийиш эмес, реалдуу дүйнөдө жарык жана караңгы тарап жок, же алар кызматтагы айрым адамдарга тиешелүү эмес. Бул кадамдар адамдардын добуштарды тартуу, өнөктүктү каржылоо, кадыр-баркка ээ болуу же кызматкерлердин санын көбөйтүү сыяктуу стимулдарга жооп катары жасаган тандоолору менен байланыштуу.

Балким, биз Оби-Ванга, анын коомдук тандоо логикасына жана «Жылдыздар согушу» франшизасы укмуштуудай чагылдырылган ири саясий экономика маселелерине көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Биз ошондой эле саясатчыларга, канцлерлерге жана биз шайлаган «жакшы» эркектерге жана аялдарга ишенбөөчүлүктү калыптандырсак жакшы болмок. Жана биз саясатчыларга мыйзам бузууларды чектөө үчүн эрежелерге же эрежелердин жоктугуна көбүрөөк басым жасасак туура болот.

Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Байрон Б. Карсон, III жана Америка экономикалык изилдөөлөр институту тарабынан тартууланды. Түп нускасын бул жерден таба аласыз.

[1] https://www.econlib.org/library/Enc/PublicChoice.html
[2] https://disneyplusoriginals.disney.com/show
[3] https://starwars.fandom.com/
[4] https://www.bloomberg.com/opinion/articles/2022-05-16/
[5] https://dalspace.library.dal.ca/handle/10222/63479
[6] https://www.amazon.com/World-According-Star-Wars
[7] https://www.starwars.com/databank/
[8] https://www.amazon.com/Public
[9] https://www.cbo.gov/topics/
[10] https://www.washingtonpost.com/world/interactive
[11] https://www.bloomberg.com/opinion/articles/2022-05-16
[12] https://www.nytimes.com/2022/01/08/us/teachers