Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Криптовалюталардын келечеги

Уильям Дж. Лютер
5/19/22

Санариптик алтынды издөө биткоиндор пайда болгонго чейин эле башталган. 1996-жылы Дуглас Джексон менен Барри Дауни өзүнүн кардарларына сакталган алтындын ээлик укугун Интернет аркылуу өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн берген E-Gold, Ltd. компаниясын негиздешкен. 2005-жылга карата, Джексон менен Дауниге жана ошондой эле компаниянын тең кожоюну Рид Джексонго арам акчаны адалдоо жана лицензиясыз акча которуу бизнесин жүргүзүү айыптары тагылганда, компаниянын миллиондон ашуун колдонуучулары болгон. Ондогон жылдарды темир тор артында өткөрүү келечегинин ордуна, айыпталуучулар кылмышты моюнга алуу келишимине макул болушкан. Бирок бул аларды E-Gold компаниясын иштетүү үчүн керектүү лицензияларды алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан. Алтындын менчик укугун өткөрүп берүү баракчасы ошентип кайра ачылбай калган.

Биткоин сыяктуу криптовалюталардын E-Gold менен окшоштугу аз. Алар алтын же башка активдин кызматына талапкер эмес. Алар транзакцияларды ишке ашыруу үчүн ишенимдүү үчүнчү тарапка таянышпайт. Бирок, E-Gold сыяктуу, алар да товардык жана фиат акчанын кемчиликтерин жойо турган жаңы акча системасынын пайда болушуна үмүт беришет.

Алтын жана башка сейрек металлдар табигый түрдө чектелген ресурстар болуп саналат. Алтынды жерден казып алып, андан дилде (монета) жасоо кымбатка турат. Кенчилер менен шахтерлор бул иштин пайдасы, башкача айтканда, дилденин сатып алуу жөндөмдүүлүгү чыгашалардан жогору болгондо гана бул иш менен алектенишет.

Алтындын табигый таңсыктыгы алтын дилделердин сунушунун борборлоштурулбаган өзүн-өзү жөнгө салуучу механизм аркылуу жөнгө салынаарын билдирет. Алтын дилделерге болгон суроо-талап күтүүсүз өссө, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жогорулайт. Сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашы алтын казып алуунун жана дилде жасоонун кирешелүүлүгүн өстүргөндүктөн, кенчилер менен шахтерлор демейдегиден көбүрөөк дилде чыгарышат. Ал эми сунуш өскөн сайын алтын дилделердин сатып алуу жөндөмдүүлүгү акырындык менен өздүк нарктын деңгээлине чейин төмөндөйт. Андан соң пайда алуу мүмкүнчүлүгү жоголуп, дилде чыгаруучулар калктын саны менен кирешенин өсүшүнөн жана эскирүүнүн натыйжасында сунуштун азайышынан келип чыккан суроо-талаптын кадимки өсүшүн канааттандыра турган кадимки иштөө ылдамдыгына кайтышат.

Классикалык алтын стандарт учурунда рыноктун катышуучулары жыйырма, элүү, ал тургай, жүз жылдан кийинки баалардын деңгээлин жетиштүү ишенимдүүлүк менен алдын ала болжолдой алышкан! Алар алтын стандарттын борборлоштурулбаган, өзүн-өзү жөнгө салуучу механизминин алтын дилделерге болгон суроо-талаптын өзгөрүшүн эске алаарын же алтын дилделердин сунушундагы өзгөрүүлөрдү компенсациялай алаарын билишкен. Демек, баалардын деңгээлиндеги өзгөрүүлөр орточого кайра кайтуу тенденциясында болот. Башкача айтканда, алтын стандарт ишенимдүү узак мөөнөттүү номиналдуу якорьду камсыз кылган.

Бирок, классикалык алтын стандарттын да кемчиликтери болгон. Борборлоштурулбаган өзүн-өзү жөнгө салуучу механизмдин иштешине шарт түзгөн алтындын табигый таңсыктыгы ошол эле учурда акча системасын тейлөөнүн кымбатка турушуна жана жөнгө салуунун жай жүрүшүнө себеп болгон. Алтын дилделердин сунушун көбөйтүү үчүн алтынды казып, дилделерди жасай турган жумушчуларды жана машиналарды жалдоо керек. Ал жумушчулар менен машиналар башка баалуу товар жана кызматтарды өндүрүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Мындан тышкары, жөнгө салуу мөөнөтү бир топ узакка созулушу ыктымал. Алтындын сатып алуу жөндөмдүүлүгү узак мөөнөттө салыштырмалуу туруктуу болгону менен, кыска мөөнөттө бир топ туруксуз болгон.

Товардык акчанын кемчиликтерин эске алганда, фиат акчанын жагымдуулугун түшүнүү оңой. Бирок, фиат акчанын олуттуу кемчилиги табигый чектөөлөрдүн жоктугу болуп саналат. Долларды чыгаруунун чектүү (маржиналдык) чыгымы дээрлик нөлгө барабар, анткени бир баскычты басуу жетиштүү болот. Фиат акчанын таңсыктыгы алардын эмитенти, адатта, борбордук банк тарабынан жасалма түрдө түзүлөт. Эгерде борбордук банк накталай акча массасын жакшы башкарса, анда ал алтын стандарты сыяктуу ишенимдүү узак мөөнөттүү номиналдуу якорьду камсыз кыла алмак, ошол эле учурда анын жөнгө салуу мөөнөтү бир топ кыска жана чыгымы бир топ төмөн болмок.

Иш жүзүндө, фиат акча үмүттөрдү актаган жок. Эң мыкты фиат акчалардын да эреже катары классикалык алтын стандартка караганда туруктуулугу төмөн. Фиат акчанын сунушун башкаруу арзан болгону менен, туруктуулуктун жоктугу рыноктун катышуучуларына келечектеги номиналдуу өзгөрмөлөрдү баалоого олуттуу чыгымдарды алып келет.

Фиат акчалар эмне үчүн мынчалык начар иштеди? Алтындын көлөмүнүн табиятта чектелүү болушу алтын стандартты мыкты акча системасына айланткан, бирок ошол эле учурда таңсыктык анын негизги кемчиликтеринин бири болгон. Фиат акчанын жасалма таңсыктыгы анын алтын стандарттан жакшыраак болушуна шарт түзөт, бирок ошол эле учурда мындай системанын алда канча начар иштөө ыктымалдыгы бар. Маселе – фиат акчанын жасалма таңсыктыгынын борбордук банктардын жана өкмөттөрдүн жеке чечимдеринен көз каранды болушунда.

Криптовалюталардын келечекте товардык жана фиат акчалардан ашып түшүү мүмкүнчүлүгү бар. Фиат акча сыяктуу эле, криптовалюталардын таңсыктыгы да жасалма түрдө камсыздалат. Бирок, товардык акча сыяктуу, алардын таңсыктыгы сунуштун каалагандай башкарылышынан көз каранды эмес. Криптовалютанын эмитенти баштапкы кодуна жазуу аркылуу сунушка байланыштуу түзөтүүлөргө кепилдик бере алат. Туура долбоорлонгон учурда криптовалюта узак мөөнөттүү күтүүлөргө жооп берет жана акчанын сунушун товардык жана фиат акчаларга караганда азыраак чыгым менен өз учурунда жөнгө салууну камсыз кылат.

Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Уильям Дж. Лютер жана Америка экономикалык изилдөөлөр институту тарабынан тартууланды.