Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Музыка молчулугу

Гейл Пули
1/18/24

1955-жылы чоң ата, чоң энелерибиз бир ыр сатып алууга керектүү акча каражатын табуу үчүн короткон эмгек убактысына биз бүгүн 19 750 ыр алабыз.

Томас Эдисон 1877-жылы алгачкы фонограф пластинкасын иштеп чыккан. Алгачкы музыка ойноочу пластинкалар эки калай фольгасынын ортосуна кыстырылган кагаздан жасалган.

1949-жылы 15-мартта айлануу ылдамдыгы мүнөтүнө 45 жүгүртүмдү түзгөн винил пластинкаларды чыгарган “RCA Victor” алгачкы лейбл болгон. Алар 78-жылдары популярдуу болгон пластинкаларга караганда кичирээк болуп, азыраак музыка баткан жана ар кандай түстө басылган. “Rolling Stone” журналы мындай деп белгилейт: “Элүүнчү жылдардагы өспүрүмдөр портативдүү жана арзаныраак форматка өтүшкөн; ошол кездеги бир жарнамада пластинкалардын бирөөсүнүн баасы 65 цент деп көрсөтүлгөн. Эң белгилүү алгачкы рок хиттердин бири, “Билл Хейли жана анын кометалары” тобунун “Rock Around the Clock” чыгармасы 1955-жылы 3 миллион сингл сатылган”.

Квалификациясы жок жумушчулар 1955-жылы саатына болжол менен 97 цент киреше табышкан. Демек бул ырдын баасы 40 мүнөттүк эмгекке барабар болгон.

Apple 2003-жылдын 28-апрелинде “iTunes Store” кызматын ишке киргизип, ырларды 99 центтен саткан. Ал кезде квалификациясы жок жумушчулардын эмгек акысы саатына 9,25 долларга жеткен. Ырдын убакыт наркы 84 пайызга төмөндөп, 6,42 мүнөттүк эмгекти түзгөн. Ошентип 2003-жылы угармандар 1955-жылдагы бир ырдын баасына алты ыр алышкан.

“Apple Music” 2015-жылдын 30-июнунда ишке киргизилди. Бүгүнкү күндө студент айына 5,99 долларга 90 миллион ырга мүмкүндүк ала алат. Квалификациясы жок жумушчулар саатына болжол менен 14,53 доллар табышат, демек мунун убакыт наркы болжол менен 25 мүнөткө барабар. Колдонуучулар альбомдорду жана тректерди ал жактан уга алышат, ошондой эле, офлайн угуу үчүн өздөрүнө жүктөй алышат. Эгер бир ыр орточо үч-төрт мүнөт болсо, айына 12 342 ырды ойното аласыз. Ырдын убакыт наркы болжол менен бир секундалык эмгектин сегизден бирин түзөт.

1955-жылы чоң ата, чоң энелерибизге бир ыр сатып алууга керектүү акча каражатын табуу үчүн талап кылынган эмгек убактысына бүгүнкү күндө 19 750 ыр алабыз. 1955-жылдан бери жеке музыканын көлөмү жылына 15,9 пайызга өсүп, ар бир 4,5 жылда эки эселенүүдө.

Бүгүнкү күндө биз ырахаттанып колдонгон өнүмдөрдүн (продукция) бардыгы – адамдар ачып, андан соң эркин рыноктордо башкалар менен бөлүшкөн миллиарддаган кичинекей ачылыштардын туу чокусу. Ыр чыгарып, аны бүт дүйнө менен бөлүшүңүз. Биз өзүбүздү көтөрүп, бири-бирибиздин жашообузду жакшырта алабыз.

Бизде дагы эле көйгөйлөр барбы? Албетте, бар. Жана биз ар дайым маселелерге туш болобуз. Бирок акыркы 200 жылдагы жетишкендиктерибизди караңыз. Адамдар бири-биринин маселесин чечүүдө эркин болгондо мына ушундай жетишкендиктер күтөт.

Ушул сыяктуу экономикалык акыйкаттар жана ойлор тууралуу көбүрөөк маалыматты Amazon дүкөнүндө орун алган “Superabundance” аттуу жаңы китебибизден окуй аласыз.

Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Гейл Пули жана Human Progress тарабынан тартууланды. Түп нускасын бул жерден таба аласыз.