Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Же буйруктар, же келишим

Дэн Санчес
12/3/23

Людвиг фон Мизестин ою боюнча коомдун эки түрү

«Коомдук кызматташтыктын эки түрү бар», - деп жазган Людвиг фон Мизес, - биринчиси келишимге таянган (ыктыярдуу жана эки тараптуу макулдук), экинчиси үстөмдүккө таянган (буйрук берүү жана баш ийдирүү). Жеке адамдар же «келишимдик байланыштар», же болбосо «үстөмчүлдүк байланыштар» аркылуу мамиле курушу мүмкүн.

Бул айырмачылыкты көптөгөн коом таануу теоретиктери кабыл алат. «Адамдын иш-аракети» (Human Action) аттуу эмгегинде Мизес мындай деп жазат:

«[Адам] Фергюсон муну согушчан мамлекеттер менен соодагер мамлекеттердин ортосундагы айырма катары; [Анри де] Сен-Симон жаңжалчыл элдер менен тынчтыкчыл же өнөр жайы өнүккөн элдердин айырмасы катары; Герберт Спенсер жеке эркиндик коомдору менен согушчан түзүлүшкө ээ коомдордун ортосундагы айырма катары; [Вернер] Зомбарт болсо баатырлар менен соодагерлердин ортосундагы айырма катары сүрөттөгөн.

Мизес айткандай, марксисттер да, нацисттер да ушул сыяктуу экилик (бинардык) системаларды чыгарышкан. Ар кайсы ойчулдар коомдук варианттарды ар кандай баалашкан, бирок баары дихотомияга жана Мизестин «башка кандайдыр бир үчүнчү принципти ойлоп табууга да, ишке ашырууга да болбойт» деген сөздөрүнө макул болушкан.

Кызматташтыктын эки карама-каршы принциби, Мизес түшүндүргөндөй, адамдардын коомдогу бири-бири менен болгон мамилесинин эки башка ыкмасын орнотот:

«Кызматташтык келишимге таянган учурда кызматташкан адамдардын ортосундагы логикалык мамилелер симметриялуу болот. Алардын баары жеке кишилердин ортосундагы алмашуунун тараптары болуп саналат. Томдун Джонго мамилеси кандай болсо, Джондун Томго мамилеси да дал ошондой».

«Джон» миллионер, «Whole Foods Market» компаниясынын негиздөөчүсү жана жакынкы убакка чейинки башкы жетекчиси Джон Макки, ал эми Том ал компаниянын кассири болсо дагы, бай жумуш берүүчү менен бай эмес кызматкердин мамилеси баары бир симметриялуу болот.

Джон өз ыктыяры менен Томго кызматы үчүн акчалай эмгек акы сунуштайт, Том болсо өз ыктыяры менен акчалай эмгек акы үчүн өзүнүн кызматын сунуштайт. Экөө тең келишимге макул болушкан жана экөө тең андан баш тарта алышат. Джон каалаган учурда Томду жумуштан кетире алат, Том да каалаган учурда жумуштан чыгып кете алат. Канчалык бай жана атактуу болбосун, Джон Томду каттоодо иштегенге мажбурлай албайт.

Мизес мындай деп улантат: «Кызматташтык буйрук берүүгө жана баш ийдирүүгө таянган учурда бир тарапта буйрук берген адам, экинчи тарапта анын буйруктарына баш ийген адамдар турат. Адамдардын бул эки табынын ортосундагы логикалык мамилелер асимметриялуу болот. Бир тарапта жетекчи турса, экинчи тарапта анын карамагындагылар орун алат. Бир гана жетекчи тандайт жана багыт берет, калган камкордукка алынгандар болсо болгону анын ишиндеги пешкалар болуп саналат».

Мисалы, эгер Джон феодал, ал эми Том анын крепостной дыйканы болгондо, алардын ортосундагы мамиле абдан асимметриялуу болмок. Джон Томду өзүнүн жерлерин иштеткенге мажбурлай алмак, ошондой эле, Томго таандык өндүрүштүн бир бөлүгүн да салыктар жана жыйымдар аркылуу тартып ала алмак. Томдун алдында бир гана тандоо болмок: бул талаптарга баш ийүү же өлтүрүлүү. Мизес жазгандай:

«Баш ийүү менен баш ийбөөнүн ортосундагы тандоого туш болгон жетекчинин кол алдындагы киши биринчисин тандайт жана ошентип үстөмчүлдүк байланышка кошулат. (...)

Үстөмчүл коомдук түзүлүштүн астында, кол алдындагылардын иш-аракеттерин башкарганына жараша, бир гана жетекчи баарын чечет. Кол алдындагылар баш ийүү же ийбөөнү гана чечишет; баш ийүүнү тандаган соң, эми алар өз алдынча иш-аракет жүргүзө алышпайт...»

Американын негиздөөчүлөрү менен башка классикалык либералдар «теңдикти» жактаганда, алар менчиктин тең болушун талап кылган эмес. Алар абсолютизмди, феодализмди жана кулчулукту жоюуга умтулушкан. Алар келишимдик байланыштарга мүнөздүү, симметриялуу адамдык мамилелерди колдошкон жана үстөмчүл байланыштарга мүнөздүү, асимметриялуу адамдык мамилелерге каршы чыгышкан.

Мындай асимметрия бирөөлөрдүн адилеттүүлүк сезимине шек келтириши мүмкүн. Бирок үстөмчүл коомдор жагымсыз гана эмес, акылсыз дагы. Эгер бир гана жетекчи чечсе, анда ойлонгон да бир гана жетекчи болот. Адамдарды малдардай кайтарган учурда алардын акылы текке кетет. Алардын чыгармачылык жөндөмү, ой жүгүртүүсү, уникалдуу таланты жана жеке билими жашоонун көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүн жана маселелерин чечүүдө колдонула албайт.

Келишимге негизделген коомдор гана Джулиан Саймон «негизги ресурс» деп атаган адамдын акыл-эсин массалык түрдө толук кандуу колдоно алат. Борбордон ажыратылган ыктыярдуу кызматташтык гана бардык адамдардын чыгармачылык салымын камсыздай алат.

Мына ошондуктан, Мизес айткандай, өнүккөн цивилизация «келишимдик координация үлгүсүнө ылайык кызматташкандардын» жетишкендиги болуп саналат. Коомдун согушчан жана жакыр жапайычылыктан бейпил жана гүлдөп өнүккөн цивилизацияга айланышынын тарыхый прогрессине буйруктардын ордун келишимдердин, мажбурлоочу үстөмчүлдүктүн ордун ыктыярдуу гармониянын ээлеши шарт түзгөн.

Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Дэн Санчес жана Экономикалык билим берүү фонду тарабынан тартууланды. Түп нускасын бул жерден таба аласыз.