Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Экономика мүнөзү катаал адамдар менен мамиле түзүүгө жардам берет...өзүңүз да кошо.

Экономикалык билим берүү фонд
1/1/70

Ойгонгонуңузда маанилүү жолугушууңузга 30 мүнөт калганын түшүндүңүз дейли. Төшөктөн ыргып туруп, шашылыш кийинип, ачкычты аласыз да, эшикке чуркайсыз. Унааңызга барчу жолдун жарымына жеткенде байкап калдыңыз.

Бирөө унааңыздын дөңгөлөктөрүн тешип кетиптир.

Сиз 30 жаштагы стартаптын негиздөөчүсүсүз, бирок күтүлбөгөн жерден сиз 60 жаштагы сараңга айланасыз. «Бейбаштар! Айбандар! Бир күн колума түшсө, аларды…»

Анан токтоносуз, сизде кызыктай бир бейпилдик пайда болот. Бул сиздин медитация ыкмаңызбы? Жок, жүзүңүздөгү көрүнүш бейпилдик эмес, кызыгуу менен чечкиндүүлүк.

Бул кырдаал дзендин эмес, экономиканын колунда.

Мындай болушу мүмкүн эмеспи? Чындыгында жок. Экономикалык ой жүгүртүү жашоодогу кыйынчылыктар менен күрөшүүдө мыкты курал боло алат. Чындыгында, экономиканы өзүңө өзүң жардам берүүнүн бир ыкмасы катары да кароого болот.

Иш-аракетти түшүнүү

Экономиканын өзөгүн адамдын иш-аракеттери, тагыраак айтканда, максаттуу жүрүм-турумдары түзөт. Иш-аракет каалоолорго жараша максаттарды издөөнү камтыйт, каалоолорго болсо стимулдар таасир берет.

Ал эми бардык иш-аракеттер канчалык туура эмес жана толук эмес болсо да, колдогу маалыматтарга, туура эмес болсо да белгилүү себеп-натыйжа түшүнүктөрүнө жана максатка жетүү ыкмаларына таянганы үчүн рационалдуу, башкача айтканда, акылга сыярлык болуп эсептелет.

Бул бизге жүйөлүү көрүнүшү мүмкүн, бирок сыягы көп учурда биз бул чындыкка маани бербейбиз. Башка адамдардын көйгөйлүү жүрүм-турумуна туш болгондо, көбүнчө адеп-ахлактык кемчиликтерге же мындай жүрүм-турумдун акылсыздыгына көп көңүл бурабыз. «Ал чындыгында желмогуз». «Анын кылганы акылсыздык». «Алар болгону келесоолор».

Бул тууралуу өзгөчө бир мисалды карай турган болсок, 11-сентябрдан кийин жана Ооган согушунун башталышында, маалымат каражаттарынын «Усама бен Ладенди кандай баалайсыз?» деген суроосуна АКШнын жогорку даражалуу генералы «ал келесоо» деп гана жооп бере алган. Канчалык коркунучтуу жана адилетсиз болсо да, террористтин ниети же себеби жөнүндө эч нерсе жок. Канчалык шайтандык болсо да, анын стратегиясы жөнүндө эч нерсе жок. Жөн гана «ал келесоо». Өлөөрчө касташкан душманга ушунчалык чийки көз караш менен каралганы үчүн, террорго каршы согуштун мынчалык ийгиликсиз болгону таң калычтуу эмес.

Мындай жооп адамда өзүн жогору сезүү же өзүнө-өзү канааттануу сезимин пайда кылышы мүмкүн, бирок чындыгында ал анын күчүн кетирет. Ал баарын токтотуп салат, талдоо, түшүнүү, чечүү жолуна карата кадам, бүт баарын. Ал башкаларга кандайдыр бир таасир тийгизүү үмүтүн жок кылышы мүмкүн. Жана ал адамдар менен натыйжалуу мамиле жүргүзүү жолдорун кескин кыскартат. Маанисиз, адамзаттан тышкары тоскоолдуктар катары кабыл алынган кишилерден же качуу керек, же болбосо күч менен жеңүү керек.

Кеңсе саясаттарынан чыга алуу

Бирок эч кандай жол жок болсочу? Мисалы, сиз иштен кетүүнү каалабаган жумушуңузда ар дайым сизди саботаж кылууну көздөгөн кесиптешиңиз бар болсочу? Сиз андан шкафка жашынып эле кутула албайсыз. Же «Издөө» (Wanted) тасмасындагы Джеймс МакЭвойдун Крис Праттка жасаган мамилесиндей, аны клавиатура менен бетке чаба албайсыз. Экономикалык ой жүгүртүү болбосо, таарынычтан кайноодон башка колуңуздан эчтеке келбейт. Мүмкүн сиз «Кеңсе» (The Office) тасмасындагы Джим Халперттин Дуайт Шруттун степлерин килкилдек десертке салганы сыяктуу, жооп катары анын жашоосун бактысыз кылууга аракет кылып, кичинекей сооронуч табасыз.

Экономика бизге канчалык чектен чыккан, канчалык тең салмаксыз же канчалык зыянкеч болбосун, бардык адамдардын каалоолоруна, маалыматтарга жана стимулдарга карап иш-аракет кылаарын эскертет. Демек, кимдир бирөө сизди капа кылганда, аны жек көрүп, сындоонун ордуна, ошол каалоолор, ошол маалыматтар жана ошол стимулдар менен күрөшүп, аларды өзгөртүүгө аракет кылыңыз.

Эмне үчүн ал кесиптешиңиз сизди саботаж жасоого аракет кылып жатат?

Балким анын каалоолору эмгекчил жана ынтымактуу команданын мүчөсү болгонго караганда, өзүнүн карьералык өсүшүнө көбүрөөк кам көрөт.

Балким мындай каалоолор сиздин компанияңыз жеке кардарлардан алыстап, мамлекеттик буйуртмаларга өтө баштаганынан улам пайда болгон стимулдардын себебинен калыптангандыр. Ошентип компанияда бюрократия жана иерархия көбөйүп, натыйжалуулукка жана тейлөөгө азыраак көңүл бурулуп калгандыр. Мындай кырдаалда анын жогору кызматка көтөрүлүүнү биргелешип баалуулуктарды жаратуудан жогору койоору таң калычтуу болбойт.

Балким анын турмуштук тажрыйбасынан алган маалыматы ага корпоративдик тепкичке көтөрүлүүнүн бирден-бир жолу башка бирөөнү ылдый түшүрүү деп үйрөткөндүр.

Эми анын кайдан келгенин түшүнгөнүңүздөн кийин, сиз ошол каалоолорду, маалыматты жана стимулдарды өзгөртө аласызбы же жокпу, ойлонуп көрсөңүз болот.

Сиз башкы жетекчиңизди мамлекеттик келишимдердин уюмдун маданиятын жаман жагына өзгөртүп жатканына жана компаниянын кайра жеке кардарларга багытталышы керек экенине ынандырып, стимулдардын түзүмүн өзгөртө аласызбы?

Сиз анын долбоорлорунун бирине жардам берүү аркылуу анын карьерасы үчүн кызматташуунун пайдалуу экенин көрсөтүп, душманыңыздын каалоолорун өзгөртө аласызбы?

Сиз ага анын карьерасын жана эмгек жашоосун гүлдөтө турган нерсенин резюме толтуруу эмес, баалуулуктарды жаратуу экенин түшүндүргөн китепти сунуштоо аркылуу анын маалыматын өзгөртө аласызбы?

Лайфхактар

Экономикалык ой жүгүртүү ыкмасы кээде эң жаман душманыңызга айланган адам менен жакшыраак күрөшүүгө жардам берет: өзүңүз менен.

Көбүнчө биз өзүбүздү башкаларды баалагандай үстүртөн жана жемишсиз баалайбыз, кайра эле сын көз менен. «Менин мамилем бузула берет, анткени мен болгону жаман адаммын». «Мен арыктай албайм, анткени мен өзүмдү башкара албайм». «Мен ар дайым карьерамда туура эмес чечимдерди кабыл алам, анткени мен ушунчалык акмакмын».

Канчалык пайдасыз баалоо!

Кайра эле, сиз башка бардык адамдар сыяктуу, каалоолорго, маалыматка жана стимулдарга жараша иш-аракет кылып жаткан болосуз. Ошондуктан өзүңүздү өзүңүз жек көрүүнүн ордуна, ошол каалоолорду, маалыматты жана стимулдарды кантип буза аларыңызды ойлонуңуз.

Тандооңузду өзгөртүү үчүн өзүңүздөгү маалыматты кантип буза аласыз? Балким сиз тандаган диета туруктуу эместир жана сиз ар дайым өзүңүздү ачка сезбей, кармана ала турган диетаны табуу үчүн изилдөө жүргүзүшүңүз керектир. Мүмкүн өнөктөшүңүз экөөңүздөрдүн мамиледен күткөн нерселериңиздер дал келбей жаткандыр, андыктан аны ачык айтып, бири-бириңизди түшүнүшүңүз керек чыгаар.

Өзүңүздүн каалоолоруңузду өзгөртүү үчүн, стимулдардын түзүмүн кантип тууралоого болот? Үйдө чогуу жашоо өзүңүзгө болгон ишенимиңизди азайтып жатабы? Анда эмнеге өз алдынча жашабайсыз? Окуу жайы сиздин демилгеңизди жана ишкердүүлүгүңүздү басаңдатып жатабы? Анда окууну таштасаңыз кандай болот? Сиздин DMV же башка мамлекеттик мекемедеги жумушуңуз сизди жалкоо жана түнт кылып жатабы? Анда ал жумуштан чыгып кетпейсизби?

Патологиядан оюнга

Өзүңүздү жана башкаларды патологиялык жандыктардай, маңызсыз жана кежир айбандардай көрсөңүз, жашоо азап чегип, кыйнала турган катаал сүргүнгө айланат: бул кайдыгер малдардын чоң үйүрүнөн кысылып өтүү аракетине тете.

Бирок сиз адамзатка экономиканын көз карашы аркылуу караганыңызда, өзүңүздү жана башкаларды динамикалык каалоолору, маалыматтары жана стимулдары бар максаттуу жандыктар катары көрүп, туура баалаганыңызда, жашоо оюнга айланат: көптөгөн оюнчулардан жана чыгармачыл маселелерден турган, жана досторду көбөйтүп, адамдарга таасир берүү эң мыкты стратегия болгон бир оюнга.

Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Дэн Санчес, Исаак М. Морхаус жана Экономикалык билим берүү фонду тарабынан тартууланды. Түп нускасын бул жерден таба аласыз.