Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Экономикалык эркиндик кирешелердин муундардын ортосундагы мобилдүүлүгүндө чоң мааниге ээ

Винсент Джелозу
1/1/70

Теңсиздик – кызуу талкуу жараткан саясий тема. Кирешелердин мобилдүүлүгү да. Акыркы бир нече жылдан бери көптөгөн экономисттер кирешелердин теңсиздиги менен кирешелердин мобилдүүлүгүнүн ортосунда тескери байланыш бар деп айтып келишет. Жалпыга маалымдоо каражаттарында бул тууралуу эмгек Ф. Скотт Фицджеральддын 1925-жылкы романына шилтеме жасалып, “Улуу Гэтсби ийри сызыгы” деп аталып калган.

Улуу Гэтсби ийри сызыгы жөнөкөй, бирок күчтүү идеяны сүрөттөйт. Графиктин бир огуна кирешелердин теңсиздигин, экинчи огуна муундардын ортосундагы кирешелердин мобилдүүлүгүн (б.а. сиздин кирешеңиздин ата-энеңиздин киреше деңгээлинен жогору болуу ыктымалдыгын) жайгаштырсаңыз, анда экөөнүн арасындагы тескери байланышты көрөсүз. Теңсиздик көбүрөөк болгон жерде муундардын ортосундагы кирешердин мобилдүүлүгү начарыраак болот. Башка шарттар туруктуу учурда, эгер сиз теңсиз коомдо киреше тепкичинин төмөнкү центилинде төрөлгөн болсоңуз, анда сиздин жогорку центилге чыгуу мүмкүнчүлүгүңүз теңсиздик азыраак болгон коомдун төмөнкү центилинде төрөлгөн теңтушуңузга караганда төмөнүрөөк болот.

Бул сиздин кирешеңиз ата-энеңиздикине салыштырмалуу көбөйгөн жок дегенди билдирбейт. Бул «абсолюттук мобилдүүлүк» деп айтылат. Улуу Гэтсби ийри сызыгы «салыштырмалуу мобилдүүлүктү» карайт. Калктын төмөнкү киреше центилинде төрөлгөндөр аягында ата-энелерине караганда жакшыраак абалда болушса да, баары бир төмөнкү центилде кала берген коом мобилдүү эмес коом деп айтылат.

Эмне үчүн кирешелердин теңсиздиги менен муундардын ортосундагы кирешелердин мобилдүүлүгүнүн арасында байланыш болушу мүмкүн? Мунун жообу жөнөкөй: мүмкүнчүлүктөрдү колдоно билүү. Эгер сиз бай үй-бүлөдө төрөлсөңүз, үй-бүлөңүздүн байлыгын башка учурда колуңуз жетпеген мүмкүнчүлүктөргө пайдалануу жеңилирээк болот. Ал эми кирешеси төмөндөрдү болсо ресурстардын жетишсиздиги чектеп койот. Төмөнкү мисал жөнүндө ойлонуп көрүңүз: эгер билим алуу ата-энеңизге караганда көбүрөөк акча табуунун бир жолу болсо жана жакырлар үчүн билим алуунун акысы жогору болсо (көп жылдар бою жумушсуз калып, чогулткан каражаты да аз болгондуктан), балдарынын билимине байлар көбүрөөк салым жасайт деп айтууга болот.

Бул түшүндүрмө абдан жөнөкөй. Мунун маанилүү экономикалык чындык экенин көрсөткөн көптөгөн эмпирикалык далилдер бар. Бирок бул мындан чыгуунун жолу жок дегенди билдирбейт. Чындыгында Улуу Гэтсби ийри сызыгына байланыштуу изилдөөлөр теңсиздиктин механикалык ролун айгинелеп көрсөтөт, тагыраак айтканда, теңсиздик бүт жерде терс таасирге ээ. Институттардын ролуна төмөнкү мобилдүүлүк менен күрөшүү чаралары (башкача айтканда, кайрадан бөлүштүрүүнүн көбүрөөк жасалышы, билим берүүгө мамлекеттин көбүрөөк салым жасашы сыяктуу) талкууланган учурдан тышкары, адатта көп көңүл бурулбайт.

Институттардын талкууларда эске алынбашы көйгөйлүү маселе. Чындыгында эгер ар кандай киреше деңгээлине таандык адамдардын баары өзүнө салым жасоодо мыйзамдуу укукка жана стимулга ээ болсо, институттар теңсиздиктин таасирин жумшарта алат. Мисалы, өкмөт адамдардын чачтарач, жашылдандыруу, ички дизайн же кыш коюу сыяктуу квалификациясы төмөн кесиптерге ээ болушуна көптөгөн тоскоолдуктарды киргизди дейли. Мындай тоскоолдуктар адамдардын киреше тепкичинен жогору көтөрүлүү мүмкүнчүлүгүн мыйзам аркылуу чектейт.

Джастин Калле экөөбүз Southern Economic Journal аттуу журналда жарыяланган макалабызда экономикалык эркиндиктин (институттун көрсөткүчү катары биз ушул өзгөрмөнү алганбыз) кирешелердин мобилдүүлүгүн өстүрүүчү чоң күч экенин көрсөттүк. Биздин жыйынтыктарыбыз боюнча, чындыгында юридикалык тоскоолдуктарды кыскартуудан тышкары, экономикалык эркиндиктин экономикалык өсүшкө жакшы документтештирилген таасири төмөн кирешелүүлөр үчүн чоң мааниге ээ. Эгер кирешенин өсүшү бардык адамдарга бирдей камсыз кылынса, кирешенин кошумча бир пайызга өсүшү байларга салыштырмалуу жакырларга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылат. «Абсолюттук мобилдүүлүккө» көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүү аркылуу, экономикалык эркиндик «салыштырмалуу мобилдүүлүктү» да жогорулатат.

Биз макалада Дүйнөлүк Банктын 120дан ашуун өлкөнүн муундардын ортосундагы салыштырмалуу мобилдүүлүк тууралуу маалыматтарына таяндык. Алардын 1970-жылдардын аягы жана 1980-жылдардын башында төрөлгөн адамдар тууралуу маалыматтарга таянган эсептөөлөрү көп өлкөлөрдү камтыйт.

Андан соң биз кирешелердин теңсиздиги менен экономикалык эркиндикти ар кандай ыкмаларды колдонуп талдадык.

Экономикалык эркиндиктин жыйынды индексин колдонгондо, биз анын киреше теңсиздигинин кесепеттери менен атаандаша тургандыгын көрдүк. Бирок бул, балким, экономикалык эркиндиктин маанисин төмөндөтөт, анткени экономикалык эркиндикти өлчөгөн индекстердин кээ бир компоненттери эки ача таасирге ээ. Мисалы, өкмөттүн чоңдугу муундардын ортосундагы мобилдүүлүктү көбөйтүшү да, азайтышы да мүмкүн. Ал жогорураак салыктардын салымдарга (өзгөчө адамдык капиталга жасалган салымдарга) бөгөт коюшу аркылуу мобилдүүлүктү төмөндөтүшү мүмкүн. Бирок эгер салыктар кирешелер тепкичинин төмөнкү бөлүгүндөгүлөргө көбүрөөк пайда алып келген билим берүү программаларын каржылоого колдонулса, ал мобилдүүлүктү жогоруталышы ыктымал. Ошондуктан экономикалык эркиндик индексинин компоненттерин өз-өзүнчө бөлүп кароо туура болот.

Ошондо биз жөнгө салуулардын жана менчик укуктарын коргоонун өтө чоң күчкө ээ экенин көрөбүз. Экономикалык эркиндик индексинин бул эки субкомпоненти кирешелердин теңсиздигине караганда чоңураак күчкө ээ.

Мындан тышкары, биз эрезеге жеткенге чейинкилердеги экономикалык эркиндик менен кирешелердин теңсиздигинин бири-бирине тийгизген таасирин изилдедик. Бойго жеткенге чейинкилердин экономикалык эркиндик деңгээли менен киреше теңсиздигинин ортосундагы байланышты изилдөөбүздүн себеби, бул мезгилде эки өзгөрмө тең эң жогорку деңгээлде болот, анткени жаш кезде жасап көрүү жана жаңылуу процесстери азыраак чыгымды талап кылат. Экономикалык эркиндиктин жогорураак жана киреше теңсиздигинин азыраак болушу бойго жеткенге чейин көбүрөөк нерселерди жасап көрүү (жана азыраак ката кетирүү) мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондуктан биз бул механизмди байкоо үчүн эки өзгөрмөнүн тең «жашоо мөөнөтү» боюнча көрсөткүчтөрүн колдондук. Биз кайра эле кирешелердин мобилдүүлүгүн аныктоодо экономикалык эркиндиктин теңсиздикке караганда күчтүүрөөк фактор экенин байкадык.

Экономикалык эркиндик менен институттардын муундардын ортосундагы кирешелердин мобилдүүлүгүн аныктоодогу ролуна көп маани берилбеши, балким, кирешелердин мобилдүүлүгү боюнча изилдөөлөрдүн эң көйгөйлүү кемчиликтеринин бири болушу керек. Саясатчыларга жол көрсөтүүдө экономисттер көбүнчө кирешенин көбүрөөк кайрадан бөлүштүрүлүшүн, же жок эле дегенде, максаттуу кайрадан бөлүштүрүлүшүн көздөгөн ыкмаларга басым жасашат. Тескерисинче, биздин жыйынтыктар көрсөткөн жалпы принцип боюнча, аз көпкө караганда жакшыраак. Же болбосо биздин мисалда көбүрөөк экономикалык эркиндик азыраакка караганда жакшыраак.

Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Винсент Джелозу жана Америка экономикалык изилдөөлөр институту тарабынан тартууланды. Түп нускасын бул жерден таба аласыз.