Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБиз тууралуу маалыматЖаңылыктарКитепти алууКитепканаЖеле

Базалык экономикадан сабак: Том Гарриден машина сатып алууда

Т. Норман Ван Котт
1/1/70

Том колдонулган машиналар сатылган унаа базарына келди. Гарри өзүнүн «темир атын» саткысы келет. Том менен Гарри 7500 долларга макулдашат. Том Гарринин машинасын алат жана Гарри Томдон 7500 доллар алат. Сыягы, Том унааны башка 7500 долларлык альтернативаларга караганда жогорураак баалайт. Ошол сыяктуу, Гарри 7500 доллардын ага алып келе турган мүмкүнчүлүктөрүн унаасына караганда жогорураак баалайт. Том да, Гарри да, экөө тең утушту.

Бул келишим алар үчүн канчалык ийгиликтүү болду? Том унаанын практикалык баалуулугу менен 7500 доллардын ортосундагы айырмага ээ болду. Гарри 7500 доллардын күтүлгөн практикалык баалуулугу менен унаанын баасынын ортосундагы айырмага ээ болду. Бирок келишимдин пайдасы Том менен Гарри үчүн бирдей болбошу керек - ар ким өзүнүкүн алат. Бул жерде баары түшүнүктүү, бирок бул мисалды өлкөнүн деңгээлиндеги импорт жана экспорт тарабынан ойлонсок кандай болот?

«Көңүл буруңуз: Том менен Гарринин көздөгөнү ала турган импорту, импортту алуу үчүн колдонула турган экспорту эмес»

Том 7500 долларды «экспорттоп», машинаны «импорттойт», Гарри болсо машинаны «экспорттоп», 7500 долларды «импорттойт». Бирок, Томдун унаадан алган практикалык баалуулугу 7500 доллардан жогору болгондуктан, чыныгы импорту 7500 доллардан көп болот. Ошол сыяктуу, Гарри үчүн анын акчалай импортунун күтүлгөн практикалык баалуулугу 7500 доллардан жогору болот, демек ал чындыгында 7500 доллардан көбүрөөк импорттойт.

Чындыгында Том менен Гарринин экөөнүн тең соода балансында дефицит бар: бухгалтердик мааниде эмес, экономикалык мааниде. Эгер аларда дефицит болбосо, соода болмок эмес! Томдун дефицити импорттолгон унаанын практикалык баалуулугу менен ал унаага төлөө үчүн экспорттолгон 7500 доллардын ортосундагы айырмага барабар. Гарринин дефицити болсо импорттолгон 7500 доллардын практикалык баалуулугу менен 7500 долларга саткан унаасынын ортосундагы айырмага барабар.

«...бизнес жана экономика маданиятыбыздын мантрасы экспортту өзүбүз үчүн пайдалуу деп эсептейт...»

Көңүл буруңуз, Том менен Гарринин көздөгөнү алардын алган импорту, импортту алуу үчүн колдонула турган экспорту эмес. Импорт болбосо, алардын экспортунда алар үчүн пайдалуу эч нерсе жок. Чындыгында, эгер Том унаа сатып албастан, бир гана 7500 долларды экспорттосо, ал абдан начар абалда болмок. Ошол сыяктуу, Гарри 7500 долларды импорттобостон, унаасын гана экспорттосо, ал дагы абдан начар абалда болмок.

Акыркы тактоо маанилүү, анткени биздин бизнес жана экономикалык маданиятыбызда экспорт өтө пайдалуу деп эсептелет, ал эми импорт болсо аргасыздан гана кабыл алынат. Мындай маданиятты эл аралык сооданы өстүрүүнү көздөгөн эл аралык сүйлөшүүлөрдүн мисалынан да апачык көрүүгө болот. Сүйлөшүү учурундагы импортту көбөйтө турган кадамдар «жеңилдиктер» (концессия) деп аталат. Башкача айтканда, адамдарга көбүрөөк импорттоого уруксат берүү башка өлкөлөрдүн АКШнын экспортуна ошого тете «жеңилдиктерин» алуу үчүн берилген мүмкүнчүлүктөрдөй кабыл алынат.

Бул бурмаланган логиканы биздин мисалыбызга колдонсок, анда Том Гарринин унаасын сатып алгысы келбей, көбүрөөк экспорттоо үчүн макулдашылган 7500 доллардан көбүрөөк акча сунуштамак. Ал эми Гарри болсо, өз кезегинде, азыраак импорттоо үчүн төмөнүрөөк бааны талап кылышы керек болчу. Бул логикага туура келеби? Жок. Чындыгында мындай жүрүм-турум каржылык кырсыкка алып барат. Эгер алар жеке иштерин ушундай бизнес жана экономикалык маданияттын негизинде жүргүзүшсө, экөө тең аягында баш калкалоочу жайсыз, кийим-кечесиз, тамак-ашсыз жана үй оокатсыз калышат (өлүп калышпаса).

Бул бизнес жана экономикалык маданияттын идеологдору менен үгүтчүлөрү өз өлкөсү үчүн үгүттөгөн принциптерди Том менен Гарриге окшоп, жеке иштеринде негиз тутушпайт. Алардын иш-аракеттери ушунчалык апачык көрсөтүп тургандыктан, алардын жасалма аргументтерин укпай эле койсок болот.

Бул макала «Creative Commons Attribution 4.0» эл аралык лицензиясынын негизинде Т. Норман Ван Котт жана Экономикалык билим берүү фонду тарабынан тартууланды. Түп нускасын бул жерден таба аласыз.