Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракБлогТармакКитеп жөнүндө
Окууну баштоо
же акысыз өзүнө жүктөп алуу

Биздин тармагыбыз

Жергиликтүү өнөктөштөрүбүз окурмандарды бул китепти окуп чыгууга жана дасыккан экономисттердей ойлонууга үндөгөн иш-чаралардын программасын жетектеп келишет.

Албан ишкердик институту

Албания
Албан ишкердик институтунун (Albanian Enterprise Institute) мүдөөсү – далилдүү изилдөөлөр аркылуу мамлекеттик саясаттын талкуусуна таасир этүү жана адилет, атаандаштыкка негизделген жана бакыбат экономиканы чыңдоочу саясий реформалар жаатында мунасага жетүү.
Байланыш: Бесарт Кадиа

Жүрүм-турум чечимдери борбору

Армения
Жүрүм-турум чечимдери борбору - бул жүрүм-турум экономикасынын методологиясын колдонуу аркылуу кардарларга эң татаал идеяларды ишке ашырууга көмөктөшүүчү кеңеш берип изилдөө борбору.
Байланыш: Арам Газарян

EFI жөнүндө көбүрөөк маалымат алыңыз Армения (армян тилинде)

Мизес илимий изилдөө борбору

Беларусь
Мизес илимий изилдөө борборунун мүдөөсү – жеке тандоого жана жеке жоопкерчиликке негизделген эркин базардын демократиялык коомунун идеяларын жана идеалдарын алдыга сүрөө; бул идеалдарды колдогондордун ачык жамаатын калыптандыруу; чектелген өкмөттүн, жеке эркиндиктин жана жеке менчиктин оригиналдуу идеяларын колдоо үчүн мамлекеттик саясат жаатындагы талкуулардын өңүттөрүн кеңейтүү; мүдөөлөш өлкөлөрдүн үй-бүлөсүндөгү эркиндикке жана демократияга карай белорус коомунун өнүгүшүн камсыз кылчу улуттук элитаны калыптандырууга көмөк көрсөтүү.
Байланыш: Ярослав Романчук

Грузиянын экономикалык сабаттуулук демилгеси

Грузия
Грузиянын экономикалык сабаттуулук демилгеси (GEL-i) — грузин коомунун бардык топторунун экономикалык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн түзүлгөн соода-сатыктан тышкаркы жаңы уюм. GEL-i уюму кесиптик билим берүү студенттери менен укук, саясат таануу жана журналистика факультеттеринин студенттеринин арасында экономикалык билим берүүнү жакшыртууну жана экономикалык билим деңгээлин жогорулатууну көздөйт.
Байланыш: Леван Павленишвили

EFI жөнүндө көбүрөөк маалымат алыңыз Грузия (грузин тилинде)

Улуу Британиядагы Казакстандын PhD бирикмеси

Казакстан
Улуу Британиядагы Казакстандын PhD бирикмеси (KPAUK) - Улуу Британияда PhD программасын окуп жаткан же аяктаган казакстандык PhD изилдөөчүлөрүнүн соода-сатыктан тышкаркы илимий тармактар аралык уюму. KPAUK Улуу Британия менен Казакстандын илимпоздорунун өз ара мамилелерин чыңдоо жана Казакстандын муктаждыктарына басым жасоо аркылуу саамалык, илим жана туруктуу өнүгүү боюнча алдыңкы тажрыйбаны ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү көздөйт.
Байланыш: Куандык Тлеужанулы

Мамлекеттик саясат жана башкаруу институту

Кыргызстан
Мамлекеттик саясат жана башкаруу институту (IPPA) – Борбордук Азиядагы экономикалык жана социалдык саясатты иликтөөнү мерчем кылган чөлкөмдүк серепчилик борбору. Анын кесипкөйлүк билим берүү программалары далилдерге негизделген изилдөөлөрдү колдонуу жаатында өкмөттөрдүн жана жарандык коомдун серепчилик жөндөмүн чыңдоого багытталган. IPPA – обочодогу элет жамааттарын дүйнөлүк коомчулук менен байланыштырган жана заманбап экономикалар жана туруктуу башкаруу үчүн зарыл болгон инсандык капиталды калыптандырып жаткан мекеменин – билимдин жана окуунун дүйнөлүк деңгээлдеги чордону болгон Борбордук Азия университетинин (UCA) бир бөлүгү.
Байланыш: Кемел Токтомушев

Riinvest институт

Косово
Riinvest институтунун мүдөөсү - ишкердик философиясынын негизинде Косовонун заманбап экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.
Байланыш: Висар Вокрри

EFI жөнүндө көбүрөөк маалымат алыңыз Косово (албан тилинде)

Ташкенттеги эл аралык Вестминстер университети

Өзбекстан
Ташкенттеги эл аралык Вестминстер университети (Westminster International University in Tashkent; WIUT) – Өзбекстандагы эл аралык туңгуч университет жана Улуу Британиянын кесипкөйлүк күбөлүгү менен батыш билимин сунуш кылган Борбордук Азиядагы алгачкы университет. Бул университеттин мүдөөсү – Борбордук Азия коомчулугунун, ошондой эле дүйнөлүк коомчулуктун айдыңдык, коомдук жана кесиптик өнүгүүсүнө салым кошуучу эл аралык билим берүү стандарттарын жана изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу.
Байланыш: Наргиза Алимухамедова

EFI жөнүндө көбүрөөк маалымат алыңыз Өзбекстан (өзбек тилинде)

Бендукидзе атындагы Эркин базар борбору

Украина
Бендукидзе атындагы Эркин базар борбору (Bendukidze Free Market Center; BFMC) – Украинада эркин базар идеяларын жайылтуу максатында 2015-жылы Каха Бендукидзенин достору жана жактоочулары тарабынан негизделген көз карандысыз украиналык серепчилик борбору. BFMC мүдөөсү - жеке демилгени, жоопкерчиликти жана бардыгы үчүн бирдей эрежелерди жайылтуу аракеттерин жүзөгө ашырчу саясий сунуштар, изилдөөлөр жана билим берүү программалары аркылуу Украинанын экономикалык жөндөмүн ачуу.
Байланыш: Наталия Мелник