Мазмунга өтүү
Баш барак
Баш баракКитеп жөнүндөКитепти алууКитепканаЖеле

EFI жөнүндө

Экономикага шыктандыруу жана ага кызыгууну арттыруу үчүн көп сандаган кишилер өз жөндөмүн, талантын жана жаратмандыгын көптөгөн өлкөлөрдө колдонуп жатышкан көзгө басар долбоор.

Экономикалык негиздер боюнча демилгеге катышкан ар бир киши өз карьерасынын көп бөлүгүн өз чөлкөмүндө жашап жана иштеп өткөрүп келди. Биз - экономисттербиз. Биз - мугалимдербиз. Биз - билим берүү тармагынын жетекчилери, маркетологдор, редакторлор жана котормочуларбыз. Бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн алдында турган ургаалдуу көйгөйлөр жаатында баарыбыз дурус кабардарбыз. Биз ар бир кишинин экономика боюнча түшүнүгүн өнүктүрүү жеке кишилер үчүн, алардын жамааттары үчүн жана кеңири мамлекеттик жана чөлкөмдүк туруктуулук үчүн байсалдуу болот деп терең ишенебиз.

Университет жана орто мектеп мугалимдери, студенттер жана билим берүү кызматкерлери менен биргеликте иштешип жатып, EFI жана биздин өлкө өнөктөштөрүбүз экономикалык сабаттуулук ар кимге жеткиликтүү болушун каалашат. Учурда 10 тилде иштөө менен бирге, куржунубузга мындан да көп Чыгыш Европа жана Борбордук Азия тилдерин кошууну пландап жатабыз.

EFI толугу менен демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланат; каражаттар экономика илими жаатындагы адабиятты бул чөлкөмгө ылайыкташтырып өздөштүрүү, которуу жана жайылтуу иштерине гана сарпталат. EFI – АКШнын Нью-Жерси штатында 501(c)(3) коду менен расмий катталган соода-сатыкка тийешесиз уюм болуп саналат.

1
«Жүйөлүү экономика» китебинин тилдеги басылышы
100
жолу акысыз жүктөлүп алынды жана бул сан тынымсыз өсүүдө!
1
Экономика илиминин сырын ачыктаган жергиликтүү өнөктөш!

Китеп

Жүйөлүү экономика

«Жүйөлүү экономика: Жеке & Улуттук Бакыбаттык Жаатында Ар Ким Билүүгө Тийиш Маселелер» китеби алгачкы жолу 2005-жылы жарык көргөн. Бул – анын 3-басылышы. Илимпоз экономисттер Жеймс Д. Гвартни, Ричард Л. Строуп, Дуайт Р. Ли, Тауни Х. Феррарини жана Жозеф П. Кэлхун тарабынан жазылган «Жүйөлүү экономика» китеби бүгүнкү күндө базар экономикасынын негиздерине классикалык киришүү болуп калды. Анын максаты – окурмандарды экономикалык жоболорду таасын түшүнүү аркылуу жүйөлүү жеке жана саясий чечимдерди жасоого багыттоо.

Бул китеп EFI Илимий кеңеш тобунун колдоосу менен чөлкөмүбүздөгү окурмандар үчүн ургаалдуу өңүттө ылайыкташтырылды. «Жүйөлүү экономика: жеке жана улуттук бакыбаттык жаатында ар ким билүүгө тийиш маселелер» аттуу китептин чыгарылышын азербайжан, албан, англис, армян, грузин, казак, кыргыз, орус, өзбек жана украин тилдеринде таба аласыз.

Электрондук түрдө жеткиликтүү болгон бул китеп кошумча окуу материалдарын жана 9 сааттан ашык субтитрлүү видеоклиптерди камтыйт, мында экономиканын негизги түшүнүктөрү чыныгы турмуштук мазмунда сунушталат жана түшүндүрүлөт. Жергиликтүү өнөктөштөрүбүз аркылуу да басма нускалары калайыкка сунушталат.

Жүйөлүү муун

Эртеңки жарандар экономика илимин бүгүн изилдейт.

Бүткүл чөлкөмдө студенттерге, мугалимдерге жана кеңири коомчулукка бир мүмкүнчүлүк сунушталууда. Бул – алардын күнүмдүк турмушуна таасир кылчу негизги экономикалык жоболорду изилдөө мүмкүнчүлүгү; аларды өз тилинде жана эч кандай каржылык чыгымсыз изилдөө мүмкүнчүлүгү. Экономика – бул көптөрдү коркуткан илим, бирок ар бир кайдыгер эмес жаран анын негиздерин аңдоого тийиш. EFI өз мазмунун англис тилинде сүйлөгөндөргө акысыз сунуштоодо, бирок бул мазмун алигиче Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азиянын тилдеринде дээрлик жеткиликтүү болбой келет.

Өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүбүз студенттер, жаш адистер жана экономика илими күнүмдүк жашоого таасири жөнүндө билгиси келген ар ким үчүн кызыктуу иш-чаралардын программаларын иштеп чыгууда. Алар эссе сынактарын, видео сынактарды, жолугушууларды жана класстык иштерди өткөрүп жатышат. Ар кимдин «Жүйөлүү экономика» китебинин дүйнөсүн онлайн жана оффлайн режимдеринде изилдөө мүмкүнчүлүгү бар!

Окутуучунун колдонмосу

Жүйөлүү экономиканы класска киргизүү үчүн мугалимдерге керектүү нерселердин баары!

Экономисттерибиз тарабынан иштелип чыккан жана ар бир өлкө үчүн ылайыктап өзгөртүлүп которулган "Окутуучунун колдонмосу" экономика мугалимдерине экономикага киришүүнү үйрөтүү үчүн керектүү нерселердин бардыгын камсыздайт. Курстун мазмуну «Жүйөлүү экономика» китебибиздин басылышына негизделген. Слайддар, адистик жолдомолор жана практикалык көйгөйлөр биз камтыган бардык тилдерде жеткиликтүү берилет.

"Окутуучулук колдонмо" Грузиянын алдыңкы мамлекеттик орто мектептеринин биринде 2022-2023-окуу жылында саамалыктык долбоор катары колдонулуп жатат.