WEBVTT

00:00:00.620 --> 00:00:03.370
[поезддин коңгуроосу]
Баалар болбосо эмне болот эле?

00:00:13.170 --> 00:00:14.940
- Баардыгы үчүн маанилүү болгон базар

00:00:14.940 --> 00:00:16.890
баалары эмне үчүн зарыл экенин түшүнүү үчүн,

00:00:16.890 --> 00:00:19.890
алар болбогондо кандай көйгөйлөр
жараларын карап көрөлү.

00:00:19.890 --> 00:00:21.960
Сиз эски Советтер Союзунун темир жол

00:00:21.960 --> 00:00:23.700
комиссары экенсиз дейли.

00:00:23.700 --> 00:00:25.890
Базарлар жана баалар жоголуп кетти.

00:00:25.890 --> 00:00:29.160
Сиз жана сиздин кесиптештериңиз,
жалындуу коммунисттер, эми колдо

00:00:29.160 --> 00:00:32.520
болгон ресурстарды кантип пайдалануу
керектигин түздөн-түз пландаштырасыздар.

00:00:32.520 --> 00:00:35.400
Сиз А шаарынан В шаарына темир жол салганды

00:00:35.400 --> 00:00:38.010
каалайсыз, бирок шаарлардын
ортосунда тоо кыркалары бар.

00:00:38.010 --> 00:00:39.270
Сиз билесиз дейли,

00:00:39.270 --> 00:00:41.070
темир жол курулгандан кийин,

00:00:41.070 --> 00:00:42.900
тоолорду аралайбы же айланып

00:00:42.900 --> 00:00:45.480
өтөбү, ал өлкөгө бирдей
пайда алып келет.

00:00:45.480 --> 00:00:47.070
Эгерде сиз темир жолду тоолор

00:00:47.070 --> 00:00:49.230
аркылуу салсаңыз, жол кыска болгондуктан,

00:00:49.230 --> 00:00:50.910
рельстер үчүн бир топ аз болот колдонулмак.

00:00:50.910 --> 00:00:53.010
Бирок татаал жерден өтүү үчүн зарыл болгон

00:00:53.010 --> 00:00:55.020
көпүрөлөрдү жана туннелдерди долбоорлоо

00:00:55.020 --> 00:00:57.000
үчүн инженерияны көп колдонушуңуз керек болот.

00:00:57.000 --> 00:00:59.610
Бул маанилүү, анткени инженердик
иштер сугаруу системаларын,

00:00:59.610 --> 00:01:03.540
кен казуу жайларын, порттук
курулуштарды жана башка имараттарды

00:01:03.540 --> 00:01:04.710
да долбоорлоодо зарыл.

00:01:04.710 --> 00:01:07.440
Жана эгерде ошол инженердик ресурстарды
темир жолго жумшоодон көрө, башка

00:01:07.440 --> 00:01:08.790
курулуштарды долбоорлоодо колдонгон оңураак

00:01:08.790 --> 00:01:11.460
болсо, анда аларды темир жолго байлап коюуну каалабайсыз.

00:01:11.460 --> 00:01:13.650
Эгерде сиз темир жолду тоолорду
айланып, түз жер аркылуу кура турган

00:01:13.650 --> 00:01:16.440
болсоңуз, анда инженердик ресурстарды
башка долбоорлорго сактап кала аласыз.

00:01:16.440 --> 00:01:18.690
Бирок ушундай жол менен сиз узак аралыкты басып өтүү үчүн,

00:01:18.690 --> 00:01:20.190
көбүрөөк болот темир жол рельстерин колдоносуз.

00:01:20.190 --> 00:01:22.950
Ал эми болот башка максаттар үчүн да керек.

00:01:22.950 --> 00:01:26.430
Унааларга, көпүрөлөргө, кемелерге, казан-аяктарга

00:01:26.430 --> 00:01:28.560
жана миңдеген башка нерселерге.

00:01:28.560 --> 00:01:32.310
Улуттун жыргалчылыгы үчүн
кайсы жолду тандашың  керек?

00:01:32.310 --> 00:01:34.290
Жооп берүү үчүн, кайсы ресурстардын топтому

00:01:34.290 --> 00:01:38.200
башка максаттар үчүн анча
зарыл эмес экенин аныктоо керекпи?

00:01:38.490 --> 00:01:41.250
Тоолор аркылуу түз
жол үчүн көп өлчөмдөгү

00:01:41.250 --> 00:01:42.810
инженердик иш жана аз

00:01:42.810 --> 00:01:44.550
өлчөмдөгү болотпу, же айланып

00:01:44.550 --> 00:01:47.400
өтүүчү жол үчүн аз инженердик
иш жана көп болотпу.

00:01:47.400 --> 00:01:49.740
Бирок инженердик иштер менен
болотту башка тармактарда

00:01:49.740 --> 00:01:52.590
колдонуудагы зарылдыктын деңгээлин кантип билсе болот?

00:01:52.590 --> 00:01:54.480
Инженердик иштер колдонулган бир гана жол -

00:01:54.480 --> 00:01:56.760
бул сугаруу системаларын куруу.

00:01:56.760 --> 00:01:59.660
Белгилүү бир сугаруу системасынын
маанилүүлүгүн баалоо үчүн,

00:01:59.660 --> 00:02:02.070
сиз дыйкандар билген
сугаруунун алардын талааларынын

00:02:02.070 --> 00:02:05.640
түшүмүн кантип көбөйтө турганын
билишиңиз керек.

00:02:05.640 --> 00:02:08.160
Жана ошол көбөйгөн түшүмдүн
баасын билүү үчүн, сиз

00:02:08.160 --> 00:02:09.750
дүкөн ээлеринин өз кардарларынын ошол

00:02:09.750 --> 00:02:12.420
азык-түлүккө болгон каалоосун
кандай баалаарын билишиңиз керек.

00:02:12.420 --> 00:02:14.790
Бул өз кезегинде, кардарлар
ошол азыктан даярдай ала

00:02:14.790 --> 00:02:17.910
турган жакшы тамактар жөнүндө
эмнени билээринен көз каранды.

00:02:17.910 --> 00:02:20.010
Булардын баарын кантип билсе болот?

00:02:20.010 --> 00:02:23.550
Болоттун колдонулушунун бир жолу -
жаңы жүк ташуучу машинелерди куруу.

00:02:23.550 --> 00:02:26.460
Белгилүү бир жаңы жүк ташуучу машиненин
маанилүүлүгүн баалоо үчүн,

00:02:26.460 --> 00:02:28.140
жүк ташуучу өзүнүн учурдагы жүк
ташуучу унаасынын кубаттуулугу

00:02:28.140 --> 00:02:30.330
жөнүндө эмнелерди биле турганын жана жаңы,

00:02:30.330 --> 00:02:31.380
чоңураак жүк ташуучу унаа

00:02:31.380 --> 00:02:33.570
менен кардарлардын талап
кылган жеткирүүлөрүн

00:02:33.570 --> 00:02:35.310
канчалык тез аткара аларын билишиңиз керек.

00:02:35.310 --> 00:02:37.410
Ал жеткирүүлөрдүн маанисин
билүү үчүн, сиз анын

00:02:37.410 --> 00:02:39.480
кардарлары жеткирүү
аркылуу товарлардын

00:02:39.480 --> 00:02:41.790
баалуулугу жөнүндө эмнени
билээрин билишиңиз керек.

00:02:41.790 --> 00:02:44.250
Бул, өз кезегинде, ошол товарлар
жеткен жерлерде алардын

00:02:44.250 --> 00:02:47.580
колдонулушу жөнүндө башкалар
эмнени билеринен көз каранды.

00:02:47.580 --> 00:02:49.530
Темир жолду кайсы жакка
салуу керектигин чечүү үчүн,

00:02:49.530 --> 00:02:51.600
инженердик жана болот ресурстарынын

00:02:51.600 --> 00:02:55.080
бардык мүмкүн болгон колдонулушу
жөнүндө ушундай маалымат керек болот.

00:02:55.080 --> 00:02:57.060
Бул коомдогу миллиондогон

00:02:57.060 --> 00:02:59.940
адамдар ээ
болгон чоң билим.

00:02:59.940 --> 00:03:01.260
Сиз аны кантип ала аласыз?

00:03:01.260 --> 00:03:02.700
Сурамжылоону өткөрүп көрсөңүз болот,

00:03:02.700 --> 00:03:05.460
бирок канча адамды сурамжылашыңыз
yкерек болорун элестетиңиз?

00:03:05.460 --> 00:03:07.590
Алгач, жашылча-жемиш менен тамак жасагандарды жана

00:03:07.590 --> 00:03:10.500
жүктөрдү жүк ташуучу унаа менен
кабыл алгандарды сурамжылашыңыз керек болот.

00:03:10.500 --> 00:03:12.300
Сандар таң калыштуу болмок.

00:03:12.300 --> 00:03:14.430
Көп учурда адамдар чыныгы
тандоого туш болгонго чейин

00:03:14.430 --> 00:03:16.410
эмнени жактырарын өздөрү да билбейт.

00:03:16.410 --> 00:03:17.460
Андыктан алар сурамжылоодогу

00:03:17.460 --> 00:03:19.830
суроолорго так жооп бере албай калышы мүмкүн.

00:03:19.830 --> 00:03:21.000
Мүмкүн болгон күндө да,

00:03:21.000 --> 00:03:23.760
сурамжылоолор кайтарылып,
иштелип чыкканга

00:03:23.760 --> 00:03:26.160
чейин, маалыматтын
көбү эскирип калат.

00:03:26.160 --> 00:03:28.710
Ал тургай эгер сиз ар бир адамдын
болот жана инженердик

00:03:28.710 --> 00:03:30.630
ресурстарды колдонууга тиешелүү болгон

00:03:30.630 --> 00:03:33.390
бардык билимин толук жана өз
убагында ала алсаңыз да, темир жолду

00:03:33.390 --> 00:03:35.280
кайсы жерге куруу керек экенин ошол маалыматтардын

00:03:35.280 --> 00:03:36.960
негизинде чечүү керек болот.

00:03:36.960 --> 00:03:39.840
Сиз ал маалыматтардын үймөгүн
кантип түшүнө баштайсыз?

00:03:39.840 --> 00:03:41.760
Людвиг фон Мисистин сөзү менен айтканда,

00:03:41.760 --> 00:03:43.740
"Сиз караңгыда жол издеп жаткандай болосуз."

00:03:43.740 --> 00:03:45.090
Сиз борбордук пландаштыруунун

00:03:45.090 --> 00:03:47.550
билим көйгөйү деп аталган
нерсеге туш болмоксуз.

00:03:47.550 --> 00:03:51.510
Ар тараптуу социализмдин сөзсүз түрдө
ийгиликсиз болуусунун себеби.

00:03:51.510 --> 00:03:54.090
Борбордук пландоочулар
натыйжалуу пландаштыруу

00:03:54.090 --> 00:03:56.280
үчүн керектүү билимди ала алышпайт.

00:03:56.280 --> 00:03:59.610
Сиз, комиссар, жетишсиз ресурстарды
улуттун жыргалчылыгы учун

00:03:59.610 --> 00:04:03.300
кандай долбоорлорго жумшоо керек
экендигин жөн эле биле албайсыз.

00:04:03.300 --> 00:04:05.490
Бирок азыр ойлоп жаткан экспериментти өзгөртөлү.

00:04:05.490 --> 00:04:07.860
Элестетиңиз, сиз дүйнөнүн
базар экономикасынын

00:04:07.860 --> 00:04:08.880
кайсы бир бөлүгүндө,

00:04:08.880 --> 00:04:12.090
темир жол компаниясынын
башкы адисиз.

00:04:12.090 --> 00:04:14.250
Сиз улуттун жыргалчылыгы үчүн эмес,

00:04:14.250 --> 00:04:16.680
фирмаңыз үчүн киреше алып келүү үчүн иштейсиз.

00:04:16.680 --> 00:04:20.250
Сиз C шаарынан D шаарына темир
жол линиясын өткөргүңүз келет.

00:04:20.250 --> 00:04:22.470
Жана алардын ортосунда
тоо кыркалары бар.

00:04:22.470 --> 00:04:25.020
Эми маршрутту кантип чечесиз?

00:04:25.020 --> 00:04:26.730
Сиз эң арзанын тандайсыз.

00:04:26.730 --> 00:04:29.190
Ар бир жолдун жалпы
чыгымын эсептеп: инженердик

00:04:29.190 --> 00:04:31.960
иштин көлөмүн инженердиктин
баага көбөйтүп,

00:04:31.960 --> 00:04:33.840
ага, керектелген болоттун

00:04:33.840 --> 00:04:36.060
талап кылынган көлөмүн
болоттун баасына

00:04:36.060 --> 00:04:37.650
көбөйткөн сумманы кошмоксуз.

00:04:37.650 --> 00:04:40.590
Андан кийин компанияңа аз чыгым
талап кылган жолду тандамаксыз.

00:04:40.590 --> 00:04:43.080
Мүмкүн, сиз жалпы элдин же
коомдун кызыкчылыгын

00:04:43.080 --> 00:04:44.670
ойлобойсуз, бирок мунун

00:04:44.670 --> 00:04:46.830
кызыгы - компанияңыз

00:04:46.830 --> 00:04:49.800
үчүн эң арзан болгон
жолду тандап, натыйжада

00:04:49.800 --> 00:04:52.830
коом үчүн эң жакшы болгон
жолду тандаган болосуз.

00:04:52.830 --> 00:04:54.630
Сиз башка максаттарга эң азыраак

00:04:54.630 --> 00:04:57.780
муктаж болгон ресурстар
топтомун колдонгон болосуз.

00:04:57.780 --> 00:04:58.680
Эмнеге?

00:04:58.680 --> 00:05:01.080
Анткени сиз эсептеген ошол
базар баалары инженерия

00:05:01.080 --> 00:05:04.590
жана болоттун башка альтернативдик
колдонулуштарындагы

00:05:04.590 --> 00:05:06.900
муктаждыктын шашылыштыгын чагылдырат.

00:05:06.900 --> 00:05:10.060
Мисалы, даамдуу тамактарды
каалаган кардарлар жергиликтүү

00:05:10.060 --> 00:05:12.930
азык-түлүктөрдүн текчесинде болсо,

00:05:12.930 --> 00:05:15.540
жакшыраак, кымбатыраак азыктарды
сатып алышмак дейли.

00:05:15.540 --> 00:05:18.360
Натыйжада, алар дүкөн ээлерине азыктар
үчүн көбүрөөк төлөп жатышат,

00:05:18.360 --> 00:05:21.390
ошондуктан дүкөн ээлери фермерлерге
азыктар үчүн көбүрөөк төлөшөт.

00:05:21.390 --> 00:05:22.710
Демек, сугат аркылуу

00:05:22.710 --> 00:05:25.260
түшүмдүүлүгү жакшырган дыйкандар сугаруу

00:05:25.260 --> 00:05:27.660
системалары үчүн көбүрөөк төлөшөт.

00:05:27.660 --> 00:05:29.550
Ал эми сугаруу системаларын куурган адамдар,

00:05:29.550 --> 00:05:32.040
аларды долбоорлоочу инженерлерге көбүрөөк төлөшөт.

00:05:32.040 --> 00:05:35.520
Эми сугаруу системаларын долбоорлоо
инженерлерге көбүрөөк киреше

00:05:35.520 --> 00:05:37.820
алып келип жаткандыктан, аларды
темир жол сыяктуу башка долбоорлорго

00:05:37.820 --> 00:05:39.450
жалдагандар да, инженерлерди

00:05:39.450 --> 00:05:41.310
кызыктыруу үчүн жок дегенде ошол эле

00:05:41.310 --> 00:05:42.930
өлчөмдө акы сунушташы керек болот.

00:05:42.930 --> 00:05:45.270
Жогорку баа инженерияны
колдонгондордун баарына ал кандайдыр

00:05:45.270 --> 00:05:48.570
бир себептерден улам мурдагыга караганда
баалуу болуп калганын билдирет.

00:05:48.570 --> 00:05:50.550
Ошондуктан, балким, аларды азыраак колдонуу керек.

00:05:50.550 --> 00:05:53.040
Мына ушундай жол менен,
базар баалары ошол ресурстарды

00:05:53.040 --> 00:05:55.260
түз же кыйыр түрдө колдонгон
миллиондогон адамдардын

00:05:55.260 --> 00:05:59.620
өзгөчө билимдерин жана
каалоолорун чагылдырат.

00:05:59.910 --> 00:06:01.590
Ал эми бул баалар ошол билимди жана

00:06:01.590 --> 00:06:04.710
артыкчылыктарды бардык кызыккан адамдарга жеткирип берет.

00:06:04.710 --> 00:06:06.720
Бул кеңири адамдык билимди бизге жеткирүү

00:06:06.720 --> 00:06:09.180
үчүн базар баалары гана керек. Ансыз биз

00:06:09.180 --> 00:06:11.220
каалаган нерселерди өндүрүүнүн эң арзан

00:06:11.220 --> 00:06:12.870
жолдорун эсептей албайбыз, өз ара

00:06:12.870 --> 00:06:15.780
аракеттерибизди башкалар менен
координациялай албайбыз, ресурстарды

00:06:15.780 --> 00:06:18.780
коом эң жогору баалаган жерлерде
колдоно албайбыз жана ошону менен

00:06:18.780 --> 00:06:21.900
мүмкүн болушунча көп адамдын
муктаждыктарын канааттандыра албайбыз.

00:06:22.770 --> 00:06:25.690
[ой жүгүрткөн музыка]

00:06:25.690 --> 00:06:27.690
Көбүрөөк көрүңүз
Learn Liberty каналына жазылыңыз