﻿WEBVTT FILE

1
00:00:00.000 --> 00:00:04.878
Стокгольм, Швеция [музыка ойноодо]

2
00:00:04.918 --> 00:00:08.817
-Менин өлкөм кишилердин жашоосун 
бирдей кылуу үчүн аракет кылды.

3
00:00:08.857 --> 00:00:11.071
Бизде ишкерлик үчүн 
салыштырмалуу эркин базарлар бар. 

4
00:00:11.111 --> 00:00:13.781
Лицензиялар, эрежелер жана тарифтер 
менен алек болбостон туруп,

5
00:00:13.821 --> 00:00:18.351
компания ачуу жана атаандашуу абдан оңой.

6
00:00:18.391 --> 00:00:21.348
Бирок кишилерге эркин 
атаандашууга уруксат берилгенде,

7
00:00:21.388 --> 00:00:24.120
кээ бирлери утуп, көп акча табышат. 

8
00:00:24.160 --> 00:00:27.265
Кээ бирлери утулуп, артта калышат. 

9
00:00:27.305 --> 00:00:30.447
КИРЕШЕЛЕРДИН ТЕҢДИГИ 

10
00:00:30.487 --> 00:00:32.574
Мына ошондо Швециянын 
өкмөтү ишке киришет. 

11
00:00:32.614 --> 00:00:35.411
[музыка ойноодо]

12
00:00:35.451 --> 00:00:37.484
Киреше айырмачылыктарын азайтуу 
үчүн, биз чоң салык төлөйбүз 

13
00:00:37.524 --> 00:00:41.177
жана жарандарыбыздын ортосунда 
байлыкты кайра бөлүштүрөбүз.

14
00:00:41.217 --> 00:00:43.960
Көп кишилер үчүн бул - ушул эки 
дүйнөнүн жакшы жагына жетүү, 

15
00:00:44.000 --> 00:00:47.769
анткени биздин жашообузда 
бирдей мүмкүнчүлүктөр жок. 

16
00:00:47.809 --> 00:00:51.017
Кээ бир кишилердин окууга, 
дымакка кызыктырып, 

17
00:00:51.057 --> 00:00:54.475
мүмкүнчүлүктөр берген ата -энеси бар.
Кээ бирлеринде жок. 

18
00:00:54.515 --> 00:00:57.483
Кээ бирлери генетикалык лотереядан 
бактылуу утушка ээ, кээ бирлери жок.

19
00:00:57.523 --> 00:01:00.047
Кээ бирлеринин ден соолугу жакшы, 
кээ бирлериники начар. 

20
00:01:00.087 --> 00:01:03.556
Мындай айырмачылыктар алып 
келиши мүмкүн болгон ажырымдарды

21
00:01:03.596 --> 00:01:05.556
азайтуу үчүн, биздин өкмөт 
экономикага кийлигишти.

22
00:01:05.596 --> 00:01:10.193
Швеция теңчиликти артыкчылык 
кылууну 1970-жж. тандады,

23
00:01:10.233 --> 00:01:13.627
ал кезде биз дүйнөнүн эң 
бай өлкөлөрүнүн бири элек. 

24
00:01:13.667 --> 00:01:16.946
Салыктар көтөрүлүп, жөлөк пул 
системалары кыйла берешен болду.

25
00:01:16.986 --> 00:01:22.636
Өкмөттүк сарптоолор 1960-1980-жж. 
аралыгында дээрлик эки эсе көбөйүп,

26
00:01:22.676 --> 00:01:26.749
ИДӨнүн 31%ынан 60%ына чейинкисин түздү. 

27
00:01:26.789 --> 00:01:29.429
Айрымдар бул кадамдар 
өлкөбүздү жакшыртты дешет. 

28
00:01:29.469 --> 00:01:31.459
Бирок бул ошондой эле 
талыкпас мээнет менен

29
00:01:31.499 --> 00:01:35.567
тобокелге баруунун сыйлыгын да азайтты.

30
00:01:35.607 --> 00:01:39.824
[музыка ойноодо]

31
00:01:39.864 --> 00:01:41.497
Бул - Ларс Магнус Эрикссондун 

32
00:01:41.537 --> 00:01:44.548
устаканасынын кайра түзүлгөндөгүсү. 

33
00:01:44.588 --> 00:01:46.933
Ал швед тарыхында 
абдан маанилүү инсан эле, 

34
00:01:46.973 --> 00:01:49.718
анткени 130 жыл мурун ал 

35
00:01:49.758 --> 00:01:52.815
Америка Кошмо Штаттарынан 
өзү көргөн телефондордун 

36
00:01:52.855 --> 00:01:57.056
арзан жана ишенимдүү 
түрлөрүн өндүрүп чыгарган.

37
00:01:57.096 --> 00:02:01.309
Ушундан улам Стокгольм XIX 
кылымдын аягында телебайланыштын 

38
00:02:01.349 --> 00:02:04.072
дүйнөлүк чордонуна айланган жана 
шаарда Швециянын эң байсалдуу

39
00:02:04.112 --> 00:02:07.616
компаниялардын бири - Ericsson 
фирмасына негиз салынган. 

40
00:02:07.656 --> 00:02:10.862
Ал эми бүгүнкү күндө 
фирмада 150 мамлекеттен 

41
00:02:10.902 --> 00:02:14.536
80 миңден ашык киши иштейт. 

42
00:02:14.576 --> 00:02:16.536
Бул мени швед катары 
сыймыктандырышы керек, 

43
00:02:16.576 --> 00:02:18.669
бирок, чынында, бул мени 
бир аз тынчсыздандырат, 

44
00:02:18.709 --> 00:02:21.269
анткени дээрлик бардык 
ири швед ишканалары 

45
00:02:21.309 --> 00:02:23.269
Ericsson фирмасынын мурасына ортоктош. 

46
00:02:23.309 --> 00:02:28.426
А балким, алардын баарында буга 
бир аз окшош отурум залдары болгондур. 

47
00:02:28.466 --> 00:02:33.222
Орточо ири швед компаниясынын 
ачылганына 94 жыл болду. 

48
00:02:33.262 --> 00:02:36.539
Кыязы, бизде ушул тапта эртеңкинин 
Ericsson болуп калышы мүмкүн болгон

49
00:02:36.579 --> 00:02:39.853
жаңы ишканаларды ачууга үндөгөн 
саясат жок болуп жаткандай. 

50
00:02:39.893 --> 00:02:45.184
Азыркы тапта швед ишкерлери - 
дүйнөдөгү ишкерлердин эң карылары.

51
00:02:45.224 --> 00:02:47.336
Бул - тыйындын экинчи жагы. 

52
00:02:47.376 --> 00:02:50.891
Биздин келечегибиз боло турган 
жаштар жана иммигранттар

53
00:02:50.931 --> 00:02:53.475
жаңы Ericsson фирмасын 
негиздебей жатышат.

54
00:02:53.515 --> 00:02:56.586
Иш жүзүндө, бизде жаш шведдер жана 

55
00:02:56.626 --> 00:02:58.231
ишкер иммигранттар 

56
00:02:58.271 --> 00:03:01.474
Швециядан Улуу Британияга же АКШга 
көчүп кеткен учурлар арбын, 

57
00:03:01.514 --> 00:03:04.673
анткени ал жерлерде сыйлыктар 
көп, салыктар төмөн. 

58
00:03:04.713 --> 00:03:11.201
[музыка ойноодо]

59
00:03:11.241 --> 00:03:14.275
Стокголмдун четиндеги ушул 
сыяктуу көптөгөн шаарчаларда 

60
00:03:14.315 --> 00:03:17.069
жумушсуздуктун деңгээли 50%дан жогору.

61
00:03:17.109 --> 00:03:19.549
Ал түгүл экономика 
дүркүрөп турган чакта да,

62
00:03:19.589 --> 00:03:22.322
Швецияда эмгекке жарамдуу калктын 
дээрлик төрттөн бир бөлүгү

63
00:03:22.362 --> 00:03:24.187
эртең менен жумушка чыкпай, 

64
00:03:24.227 --> 00:03:26.187
бирок өкмөттөн жөлөк пул чегин алышчу. 

65
00:03:26.227 --> 00:03:33.060
Сыягы, бул экономикалык стимулдар маанилүү 
деген көз карашты далилдегенсийт. 

66
00:03:33.100 --> 00:03:36.866
Ооруп калганда, эмгек акы 
80%га чейин төлөнсө, 

67
00:03:36.906 --> 00:03:39.095
шведдер, объективдүү түрдө 
башка калктарга караганда 

68
00:03:39.135 --> 00:03:41.321
дени сак болгонуна карабастан, 
башка кишилерге 

69
00:03:41.361 --> 00:03:44.283
салыштырмалуу көбүрөөк ооруганы үчүн

70
00:03:44.323 --> 00:03:46.283
бош күн алганы таң калычтуу эмес. 

71
00:03:46.323 --> 00:03:54.203
2004-жылы оору үчүн жөлөк пулдарга 
өкмөттүк бюджеттин 16%ы кеткен. 

72
00:03:54.243 --> 00:03:56.203
Азыр бул статистика оңолду, 

73
00:03:56.243 --> 00:03:59.455
бирок, кызык жери, өкмөт 
салыктарды жана жөлөк пулдарды 

74
00:03:59.495 --> 00:04:02.858
азайтуу аркылуу кирешелердин 
теңдигин азайтуу боюнча 

75
00:04:02.898 --> 00:04:05.051
чечкиндүү аракеттерди жасагандан 
кийин гана абал жакшырды. 

76
00:04:05.091 --> 00:04:11.036
Демек, бул өзгөрүүлөр эмгекке болгон 
стимулдарды күчөткөндөй болду. 

77
00:04:11.076 --> 00:04:13.714
Фридман бир парадоксту белгилеген.

78
00:04:13.754 --> 00:04:17.991
Ар бир киши үчүн киреше 
теңсиздигинин пайдасы бар.

79
00:04:18.031 --> 00:04:21.114
Кээ бир кишилер миллионер, 
кээ бирлери миллиардер

80
00:04:21.154 --> 00:04:22.549
болушат, анткени алар - 

81
00:04:22.589 --> 00:04:25.100
кардарларын бактылуу кылган кишилер.

82
00:04:25.159 --> 00:04:28.962
-Бул - өткөн кылымда биздин коомубузду 

83
00:04:29.002 --> 00:04:31.930
өзгөрткөн экономикалык система. 

84
00:04:31.990 --> 00:04:36.442
Бул - Генри Форддун, Томас Алва Эдисондун 

85
00:04:36.482 --> 00:04:41.199
баарыбызга пайда алып келген кереметтерди 
жаратуусуна түрткү берген нерсе. 

86
00:04:41.239 --> 00:04:42.838
Алар көзүн ачып, ишке киришти, 

87
00:04:42.878 --> 00:04:47.277
алар өздөрү эмне кылып жатышканын 
билишти, утушту же утулушту, 

88
00:04:47.317 --> 00:04:50.845
ал эми биз, коом, алардын мүмкүнчүлүктү 
колдонууга даярдыгынын пайдасын көрдүк.

89
00:04:50.885 --> 00:04:54.728
Эгер биз Ларс Магнус Эриксонго, 
Томас Эдисонго же Билл Гейтске 

90
00:04:54.768 --> 00:04:58.107
укмуштуудай бай болууга жол бербесек, 
анда баарыбыз теңирээк болмокпуз.

91
00:04:58.147 --> 00:05:01.821
Бирок Фридман сурайт: 
биз ошондо ута алат белек? 

92
00:05:01.861 --> 00:05:04.962
Эгерде ишкерлер бардык курмандыктарынын, 

93
00:05:05.002 --> 00:05:07.127
оор эмгегинин, бардык 
тобокелге салган учурларынын 

94
00:05:07.167 --> 00:05:10.040
эбегейсиз байлык болот деп ойлобосо, 

95
00:05:10.080 --> 00:05:14.204
анда алар анын ордуна 
башка бир нерсе кылышмак. 

96
00:05:14.244 --> 00:05:17.366
Андай болгондо, биздин карамагыбызда 
турмушубузду жакшыртчу товарлар,

97
00:05:17.406 --> 00:05:21.193
кызматтар жана технологиялар 
эч болмок эмес.
